"Эркин-Тоо"

«Музейдеги түн» иш-чарасы өткөрүлөт

Бүгүн, 18-майда саат 17:00дөн 22:00гө чейин Бишкектеги  музейлердин эшиктери бардык шаардыктар жана борбордун коноктору үчүн ачык болот. Келген конокторго көрүнүктүү инсандардын жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө кызыктуу экскурсиялар сунушталат жана кызыктуу даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Сүрөт тартуу, скульптура жасоо жана прикладдык искусство: түстүү жүндөн, кийизден, көлөмдүү топтордон жасалган буюмдар, кагаздан гүлдөрдү жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

— Тыныстанов көчөсү, №108 дареги боюнча Ольга Мануилованын мемориалдык үй-музейи, тел. 66 11 74;

— Тыныстанов көчөсү, 78 дареги боюнча Г.Айтиевдин музей-устаканасы. тел. 62 31 66;

— Чуйков көчөсү, 87 дареги боюнча С.А.Чуйковдун мемориалдык үй-музейи, тел. 30 33 64;

— Чуйков көчөсү, 109 дареги боюнча А.Токомбаевдин мемориалдык үй-музейи, тел. 30 03 57.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!