Бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндөгү музыкалык мектеп-интернатта чыккан өрт саат 12:19да чектөөгө алынды. Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсү билдиргендей, өрттүн болжолдуу аянты 400 чарчы метрди түзөт.
Окуя болгон жерге 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 офицер тартылды. Ошондой эле Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер жана 2 экипаж, тез жардам кызматынын 1 бригадасы иш алып барууда.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.

