"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

МЫЙЗАМ БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫНА УКУКТУК БАА БЕРИЛЕТ

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан парламенттик шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар териштирилип, чечимдер кабыл алынууда. Буга чейин массалык мыйзам бузуу аныкталган №13 округда шайлоонун жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалган. Эң көп добуш чогултуп мандат ала турган үч талапкер четтетилип, аталган округдан шайлоого катышкан мурдагы талапкерлер кийинки жарышка катыша албай турган болду.

Үч күн мурун Борбордук шайлоо комиссиясы №13 көп мандаттуу шайлоо округундагы айрым участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жоопкерчилигин карады. Натыйжада Ноокен жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларына 35 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын курамдан чыгарууну сунуштады. 5 календардык күндүн ичинде жаңы төрагаларды шайлоону уюштуруу тапшырылды. БШКга келип түшкөн арыздарды текшерүү аныктагандай, байкоочу катары катталган талапкерлердин өкүлдөрү №13 шайлоо округдун 35 шайлоо участогунда мыйзамсыз түрдө камераларды орнотуп, шайлоочулардын добуш берүүсүн көзөмөлдөшкөн. Бул добуш берүүнүн купуялуулук жана шайлоочулардын эркин билдирүү принцибине каршы келген. Ушуга байланыштуу КР БШКсы 2025-жылдын 3-декабрында №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжасын анык эмес деп тааныган. 35 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары жогоруда айтылган мыйзам бузуулардын болушуна жол бербөө үчүн чара көрүшкөн эмес, ал шайлоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алууга негиз болду.

Баарыбыз билгендей, бийлик шайлоону таза өткөрүү зарылдыгын эскертип, талапкерлерге добуш сатып албоону, ал эми шайлоочулардан добуш сатпоону катуу талап кылды. Президент өзү бир нече ирет кайрылып, добушту сатпагыла деп улам айтып жатты. Шайлоонун жүрүшүн жеке өзү көзөмөлдөй турганын эскертип, эгер мыйзам бузуу фактылары катталса, ошол шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылаарын белгилеген. Тилекке каршы, эскертүүлөргө карабастан, шайлоо учурунда добуш сатып алуу маселесинде бир топ мыйзам бузуулар орун алып, видео фактылар катталды. Эң көп мыйзам бузуу аныкталган №13 округда шайлоо жокко чыгарылып, жогоруда белгиленгендей кайра шайлоо дайындалды.

Учурда башка аймактарда дагы мыйзам бузуулар, добуш сатып алмайлар болгону айтылып жатат. Ар кандай далилдер тиркелген видеолор социалдык түйүндөрдө жарыяланууда. Мындай фактылар коомчулуктун нааразылыгын жаратып, шайлоонун таза өткөнүнө көлөкө түшүрүүдө. Мына ушундай калпыстыктын дагы бири №8 округдун №5249 шайлоо тилкесинде болгонун Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирип, анда пачкалап акча таратып жаткандарды видеого тартып алышканын жазды. Бул окуядан кийин Аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган чечим кабыл алганын да кошумчалап, бардык мыйзам бузуу фактыларына мыйзам чегинде укуктук баа берилерин эскертти.

“Мыйзам бузуу фактылары боюнча Ички иштер министрлиги тиешелүү материалдарды каттап, алардын негизинде иш жүргүзүп жатат. Аларга дагы мыйзам чегинде укуктук баа берилет. Интернетте жарыяланган фактылардан тышкары, Ички иштер министрлигине келип түшкөн башка фактылар, материалдар бар. Шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык, айрым шайлоо тилкелеринин жыйынтыктарынын жокко чыгарылылышы менен, шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мындай кырдаалга сөзсүз саясий боёк берип, шайлоочулардын сезими менен ойногондор дагы чыгышы мүмкүн. Бирок, бир чындык бар – ал, шайлоону таза өткөрүү принциптерине каршы келген фактыларга эч ким көз жумбайт. Бийлик өз же өзгө деп бөлбөйт, мыйзам бузулган факты болсо, эч кимди аябайт” деди Орунбеков.

Мындан сырткары келип түшкөн арыздардын негизинде, Аймактык комиссиянын чечими менен №26 округдун №7030, №7029 жана №7028 шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган. Ошондой эле массалык мыйзам бузуу, добуш сатып алуу жана шайлоочулардын добушун мажбурлаган көрүнүштөр орун алган №9 округдун №5039, №5050, №5054, №5577, №5040, №5041 жана №5548 шайлоо тилкелеринин добуштарынын жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Ага улай Боршайком Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алууда. Шайланды деп таанылган талапкерлерди эскертип, 3 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү экенин айтты. Эгерде шайланды деп таанылган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаса, анын депутаттык мандаты Конституциялык мыйзамдын 64-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүндө каралган тартипте кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берилет. Демек, шайланган талапкерлер шашылышы зарыл. Ал эми БШК шайланды деп таанылган талапкерлерди 3 күндүк мөөнөттө каттап, аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.

Кылычбек Кудайбергенов