"Эркин-Тоо"

Мыйзам чыгаруу бийлигинин структурасы бекитилди

Бул жумада Жогорку Кеңеш түзүмүнүн долбоорун бекитти. Атайын жумушчу комиссия сунуштаган долбоорго ылайык, түзүмдө төраганын 3 орун басары жана парламенттин тармактык 8 комитети болоору такталды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Джамиля Исаева 74 добуш, Нурбек Сыдыгалиев 74 добуш жана Улан Примов 59 добушка ээ болуп, КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп шайланышты. Бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Бүгүн, 13-январда тармактык комитеттердин төрагаларын шайлоо маселеси талкууланды. Андан соң сунушталган талапкерлерге жалпы жыйында жашыруун добуш берилди.

Жыйынтыгында:
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына -Медербек Алиев,
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына -Жанарбек Акаев,
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына — Аманкан Кенжебаев,
Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымдыгына — Динара Ашимова,
Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагалыгына — Азизбек Турсунбаев,
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына — Бактыбек Сыдыков,
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына — Данияр Төлөнов,
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына — Сүйүнбек Өмүрзаков шайланды.
Кечээ депутаттар түштөн кийин чогулуп, 8 комитетке орун басарларды шайлашты.

Сымбат Максутова

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!