"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып пул салынды

NABU Кыргызстан уюмунун басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусунун Ноокат, Өзгөн жана Алай райондорунда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарга 156 миң сом айып салынды.

Аңчылык эрежелерин бузган жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесинин негизинде айып пулдар салынды.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү жааган кардан кийин аңчылыкка чыккандардын саны көбөйгөнү байкалган.

Рейддер Ноокат районунун Чили-Сай капчыгайынын Ак-Арт жайлоосунда, Өзгөндүн Беш-Абышка жана Алай районунун Кайыңды, Капчыгай участкаларында өткөрүлдү. Анын алкагында, жергиликтүү тургундарга жана аңчыларга аң-уулоо эрежелерин сактоо, жапайы жаратылышты коргоо жана мыйзам талаптарын так аткаруунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.