Мыйзамсыз берилип кеткен 3 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

29-апрель, 2021-ж. / Редакция / Аймак 21

“Убагында мыйзамсыз берилип кеткен 3 гектар жер Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан. Ал жакында шаардык прокуратура тарабынан муниципалдык менчикке кайтарылды”,-деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. Жер 7 млн 350 миң сомго бааланган. Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаарынын мэриясы мыйзамдын талаптарын бузуу менен 3 гектар жерди М.А. аттуу жаранга берүү чечимин чыгарган, өз кезегинде Мамлекеттик каттоо органдары тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт чыгарылган.

29-апрель, 2021-ж. / Редакция / Аймак 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X