"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Мыйзамсыз иштеген жеке клиника аныкталды

Бишкекте жүргүзүлгөн рейд учурунда лицензиясыз иштеген жеке клиника жана мыйзамсыз дары-дармектер табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Текшерүүдө клиниканын салыктык каттоосуз иштеп келгени, бөлмөлөрдөн документсиз медициналык дары-дармектер жана жабдуулардын берилгендиги аныкталды.

Ошондой эле башка бир кампадан реестрге кирбеген дары-дармектер жана «медициналык буюм» деген жазуунун үстүнө «косметикалык каражат» деп кайра чапталган этикеткалар табылды.

Жыйынтыгында атайын кызматтар жалпы 5,2 млн сомдук мыйзамсыз товарларды алып, тиешелүү актылар түзүлдү.