"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке өттү

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан териштирүүлөрдүн жыйынтыгында Каракол шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имараты жана ага чектеш 35 сотых жер тилкеси кайрадан муниципалдык менчикке кайтарылды.

Маалыматка ылайык, бул социалдык инфраструктура объектиси 1999-жылы мыйзам бузуу жолу менен жеке колго өтүп кеткен. Ал учурдагы мыйзамдарга ылайык, мындай социалдык маанидеги объектилерди менчиктештирүүгө тыюу салынган.

Атайын кызматтын билдиришинче, менчиктештирүү маалында объекттин сметалык баасы 30 миллион 872 миң сомду түзгөн. Тергөөнүн алкагында имарат жана анын аймагы өз ыктыяры менен Каракол шаарынын муниципалдык балансына өткөрүлгөн.

УКМК мындай мыйзам бузуулар боюнча териштирүүлөр улантыларын билдирди.