Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кемин шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын мамлекетке кайтарылгандыгын маалымдады. Тагыраагы Жаштык кичи району дарегинде жайгашкан 0,40 гектар аянтты ээлеген бала бакчанын аймагы УКМК тарабынан мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.
Жогорудагы объект 2004-жылы Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын мурдагы орун басары Ч.А.Т.нын жакын тууганы тарабынан менчиктештирилген.
Кемин шаардык мэриясына бала бакчаны оңдоп-түзөөдөн өткөрүү ишин Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясында карап чыгуу сунушталды.