"Эркин-Тоо"

Мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттин мүлктөрү кайтарылууда

Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки жылдардагы башаламан саясаттын негизинде мамлекетибиз көз көрүнөө таланып-тонолду. Колунда бийлиги барлар мамлекеттин завод, фабрика сындуу ири мүлктөрүнөн баштап, кой сарайларга чейинки майда-чүйдө байлыктарын жана гектарлаган жерлерин ээлеп алышканын билебиз. Атургай, менчикке жатпаган тарыхый жайларды, бала бакчаларды, мектептерди өздөрүнө менчиктеп, азыр дагы жеке кызыкчылыгына пайдаланып келе жатышат. Аларга 30 жыл бою эч кандай чара көрүлбөй, мамлекеттин байлыгын кайтаруу иши жүрбөй келди. УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктешкен объектилерди мамлекетке кайтаруу жаатында жигердүү кадамдар жасалууда. Буга чейин август айында кайтарылган мүлктөр боюнча жазганбыз, бул сапар сентябрь айындагы кайтарылган жерлер, мүлктөр, имараттар боюнча айталы дедик.

1-сентябрда Райым Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык Оштогу «Эрем» спорт клубу шаардык мэрияга өттү. Коррупциянын “символуна” айланган бул адам боюнча кененирээк маалымат бере кетпесек болбойт, анткени жыл башында Матраимовдун жалпы баасы 34 млн 810 миң 500 долларлык кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн. Анда: Бишкек шаарындагы КиевТыныстанов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси, Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын турак эмес, коммерциялык имараттары, Ош облусунун КараСуу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен «БИМИ Ош сервис» БКЖ (бажылык каттоо жери), Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан «Эрем» спорт клубу, Бишкек шаарынын Ж.Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, кеңсеси, жалпы аянты 700 чарчы метр, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен «Юни Лаб» БКЖ (бажылык каттоо жери), Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү «ИМПЕРИАЛ» турак жай эмес коммерциялык имараты бар. 4-сентябрда Токтогул районунда бир катар жерлер УКМК тарабынан кайтарылды. Атап айтсак, баасы 63 миллион 817 миң сом болгон, аянты 1,3 гектарды түзгөн «Токтогул» автобекети мамлекеттин балансына кайтарылды. Ошондой эле баасы 4 миллион 155 миң сомду түзгөн Торкен айылындагы 2342,8 м2 соода комплекси мамлекеттин балансына өттү. Мындан сырткары, Токтогул шаарынын А.Козубеков атындагы паркынын аймагында жайгашкан базар баасы 73 миллион 610 миң сом болгон 1,49 га жер тилкеси менен жайкы кинотеатр өткөрүлүп берилди. Ага катар Токтогул районунун Токтогул шаарынын «Тайбала-Кечүү» тилкесинде жайгашкан 2 гектар, баасы 7 миллион сом болгон көп жылдык көчөттөрү бар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Ошол күнү,

4-сентябрда Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдары менен биргеликте Көлбаевдин кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жалпы аянты 0,58 га, наркы 147 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. 5-сентябрда Токмок шаарындагы 1996-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген, наркы 920 миллион сом деп бааланган Манап бий көчөсү, 236 дарегинде жайгашкан 2-кабаттуу бала бакча комплекси, пайдалуу аянты 1575,0 чарчы метр жана жалпы аянты 6900,5 чарчы метрди түзгөн бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды. 10-сентябрда Нарын облусунун экс-губернатору И.Абдыгазиев менчиктештирип алган Ат-Башы районундагы болжолдуу баасы 1 миллиард сомдон ашык болгон 161 гектарга жакын жер мамлекетке кайтарылды. Буга чейин жер кыртышынын асыл катмарына зыян келтиргендиги үчүн 1 миллион 171 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн. 13-сентябрда Ноокат шаарындагы 350 миллион сомдук административдик имараты бар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында 2000-жылдары жалпы аянты 0,52 га болгон «Ноокат автобекети» жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган.

14-сентябрда Камчыбек Ташиев кен байлыктар боюнча көзөмөл күчөтүлгөнүн, 23 лицензия кайтарылып алынганын айтты. Эртеси Д.Зилалиев менен М.Сатыбеков кармалды. Атамбаевдин мезгилинде 1542 лицензия берилген. 16-сентябрда баасы 120 миллион сомду түзгөн Чүй облусундагы колбаса азыктарын өндүрүүчү ишканага тиешелүү объект мамлекеттин балансына кайтарылды. Аталган объектти 1995-жылы айрым кызмат адамдары жеке менчикке алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келгени аныкталган.

17-сентябрда Токмок шаарынын 3-кичи районундагы №18 дарегинде жайгашкан бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Тактап айтканда, аянты 1140 чарчы метрди түзгөн бала бакчанын имаратынын бир бөлүгү жана ага жанаша жайгашкан аянты 4235 чарчы метр жер кайтарылды. Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын ээси социалдык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алып, 130 млн сом наркындагы аянты 5375 чарчы метр жер тилкесин административдик курулушу менен кошо өз ыктыяры менен Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берди.

18-сентябрда Сокулук районунун Жыламыш айылындагы жалпы аянты 20 гектар болгон, наркы 376 миллион 339 миң сомдук мектептин имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. 1998-жылы мыйзамсыз менчикке чыгарып алган ээси өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Социалдык тармакта мектепти мыйзамсыз менчиктештирип алган киши Медеткан Шеримкулов экени айтылган. Эки күндөн кийин М.Шеримкулов актанды эле, УКМК далилдүү кагаздарды чыгарды. 18-сентябрь күнү Сокулук районундагы 255 миллион 649 миң сомго бааланган, жалпы аянты 18060,0 чарчы метр болгон Гаврилов мектебинин имараты дагы мамлекетке кайтарылды. 19-сентябрда «Кызыл-Кыя машина куруу заводу» мамлекетке кайтарылды. Аталган заводдун жалпы аянты 22,89 гектар, болжолдуу баасы 4 млрд 74 млн 650 миң 494 сомду түзөт.

19-сентябрда Балыкчы шаарындагы баасы 288 962 637 сомдук ун чыгаруучу завод жанаша жер тилкелери жана имараттары менен бирге мамлекетке кайтарылды. 20-сентябрда «Кыргызнефтегаздын» мурдагы жетекчилиги тарабынан төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатылып алынган акцияларынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Кайтарылган акциянын суммасы 65 млн 615 миң 400 сомду түздү.

23-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жалпы аянты 3,61 га жер тилкеси, жалпы сметалык баасы 681 миллион сомдон ашык болгон имараттары менен кайтарылды. Ушул эле күнү, 23-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы 315 миллион 111 миң сомдук оорукананын имараты УКМК тарабынан мамлекеттин менчигине кайтарылды.

24-сентябрда Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн, жалпы аянты 568,6 чарчы метрди түзгөн имаратынын 38 млн 249 миң сомдук бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. 25-сентябрь күнү Аламүдүн районундагы наркы 50 млн сом, аянты 10 га “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Ушул күнү, 25-сентябрда Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан тарых эстеликтерине тиешелүү объект, т.а. «Тунгуч» жаштар драма театры жайгашкан имарат мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталып, жыйынтыгында баасы 317 млн 106 миң сом же 3 млн 750 миң АКШ долларын түзгөн мүлк мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.

25-сентябрда Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндөгү «Мижас» дыйкан чарбасы тарабынан мыйзамсыз менчиктешип кеткен, 80 гектардан ашык жер тилкеси кайтарылды. 25-сентябрда Э.Мамбеталиевдин 5 716 307 АКШ долларын түзгөн мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Атап айтсак, Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан «Эдельвейс» эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы 3 жана 2 бөлмөлүү батир, «Lexus LX 570» жана «Dodge RAM» маркасындагы эки унаа, 33 гидроцикл, 3 квадроцикл жана улуттук кийизден жасалган боз үй.

26-сентябрда Сокулук районунун Төш-Булак айылында жайгашкан, жалпы аянты 5,20 га жана аянты 493,8 чарчы метр ар кандай курулуштары бар, наркы 320 млн 651 миң сомду түзгөн «Эдельвейс» балдар ден соолукту чыңдоо лагери мамлекеттин балансына кайтарылды. Ошол эле күнү, 26-сентябрда «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркындагы баасы 120 миллион сомдон ашык болгон 120 гектардан ашык жер жана тилкелер мамлекеттин балансына кайтарылды.

26-сентябрда Бишкектин Ы.Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан жалпы наркы 300 млн сомду түзгөн 0,35 га жер тилкеси мамлекетке өттү.

27-сентябрда Кара-Балта шаарындагы баасы 209 млн сомдон ашык болгон, 0,60 га жер тилкеси бар автобекет мамлекеттин балансына кайтарылды.

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков:

— Мен мугалим катары айтайын, мамлекетти талап-тоногондор өсүп келаткан муунга өтө жаман таасирин тийгизди. Мамлекеттин саясаты туура болбосо, сенин айтканың бир тыйын экен. Мына азыр уурдалгандын баары мамлекетке кайтарылып, аң-сезимде чоң өзгөрүү жүрүп жатат. Ушунун өзү жаштарды жакшы жакка тарбиялоого чоң дем берет. Бул жерде тарбиялык маселе жатат. Маңдай териң менен жашашың керек экен, эртеби-кечпи жооп берет экенсиң деген түшүнүк калыптанууда. Жакында Кызыл-Кыядагы машина куруу заводу мамлекетке кайтарылды. Мен аны жакшы билем, 1995–2000-жылдары Мыйзам чыгаруучу жыйындын депутаты болчумун. Эл өкүлдөр палатасындагы депутат, ыраматылык Абсамат Масалиевич экөөбүз барып текшергенбиз. Баары “мыйзамдын” чегинде дегенде Абсамат аке ушунча капа болуп, “Чоң заводдун ичинде жаткан темирлерден да арзан кетиптир да” деп ыйлап жиберген. Аны директору Жураев Сайдалимжан деген сатып алган болуш керек эле. Кийин депутат болуп жүрдү. Албетте, аны жалгыз жасаган эмес, бүтүндөй группа иштеген. Баары мыйзам алкагында туура болгон, бир канча ирет банкрот болду деп газеталарга, радиого кулактандыруулар берилген. Ошол эң чоң заводдун түккө турбаган тыйынга сатылганы бир топ адамды бушайман кылып келген. Кайтарылганы абдан жакшы болду.

Журналист Мирлан Дүйшөнбаев:

— Биздин мамлекет талаптономойлордун, менчиктеп алуунун, басып, тартып алуунун эле очогуна айланып калган экен. Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мектептердин, бала бакчалардын аягы көрүнбөйт. Эң эле өкүнүчтүүсү, ошол менчиктегендер сүйлөсө оозунан мыйзамдуулук, тазалык жөнүндөгү сөздөр көбүрүпжабырып турган адамдар тарабынан ишке ашырылгандыгы. Талаптоногондордун баары УКМКнын текшерүү иштеринин натыйжасында өз ыктыяры менен кайтарып берди деп жатышат. Өз ыктыяры менен деген формалдуулук го. УКМКнын колу жеткенде аргасыздан кайтарып беришүүдө десек туура болчудай.

 

  Зулпукаар Сапанов

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!