Кыргызстанда акыркы жылдарда тышкы миграциянын толкуну күчөп, республиканын дээрлик бардык ири шаарларында “кара тору” жаштардын көбөйүп баратканын байкоого болот. Айрым маалыматтарга караганда, алардын көпчүлүгү биздин өлкөбүзгө жогорку билим алыш үчүн келишкен десе, башкалары жумушчу күчү катары келишет экен.
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миң 524 чет элдик студент билим аларын Бүткүл дүйнөлүк ректорлордун форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген болчу. Өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттердин 30,5 пайызын чет элдик жарандар, анын ичинен 44 миң 732 студент коңшу өлкөлөрдөн (КМШ, Грузия, Балтика өлкөлөрүнөн) келген жаштар болсо, Индия, Пакистан, Кытай өлкөлөрүнөн 25 миң 792 студент билим алып жатканы маалым болгон. Ошону менен бирге, эң көп студенттери катталган, маселен, Индия, Пакистан жана Өзбекстандан келген жаштардын көбү медициналык билим берүү программаларына кабыл алынып, ушул үч өлкөнүн студенттеринен эле ЖОЖдорго жылына орто эсеп менен 4,7 миллиард сом түшөрүн Өкмөт башчы билдирген.
Ушул эле маселеге улай, сөз козгосок, Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам АКИpress агенттигине берген маегинде, Пакистандан келген студенттердин саны 11 миңге жакын экенин билдирип, алардын эсебинен Кыргызстандын экономикасына жылына 50 миллион долларга жакын (4,5 миллиард сомго жакын) киреше алып келерин, негизинен жаштар түрдүү медициналык окуу жайларда билим алып жатышканын айткан экен. Чынында бул тышкы миграциянын жакшы жагы. Муну колдош керек.
Бирок, маселенин экинчи жагы бар. Маселен, “кара тору” жаштардын Кыргызстанды каптап кетишинин себеби, миграциялык көзөмөл системасынын начарлыгы, чек аралардын ачыктыгы, Кыргызстандын географиялык жайгашуусу, транзит үчүн ыңгайлуу, улуттук мыйзамдардын жана эл аралык келишимдик базанын жеткилең эместигине шылташат эксперттер.
Өзүбүздүн жумушка жарактуу, каруу күчү толо миллиондон ашык жараныбыз тыштан жумуш издеп, Орусия менен Казакстанда жана башка өлкөлөрдө мигрант болуп жүрүшсө, кийинки учурларда Азия өлкөлөрүнө, АКШга жер которуп жатышат. Эми алардын ордун Кытай, Турция, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Бангладеш, Шри-Ланка жана Филиппин өлкөлөрдүн жаштары толтурууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өткөн жылдагы маалыматына таянсак, 17 миңге чукул чет өлкөлүк жаранга Кыргызстанда иштөөгө уруксат берилген экен. Анын алты миңден ашууну кытай жарандары, 1500дөй түркиялык, 500дөн ашыгын пакистандык мигранттар түзсө, андан тышкары Түштүк Корея, Индия жана вьетнамдан келгендер да бар экенин айтылууда.
Тыштан келсе да, айрымдарынан жумуш менен камсыз кылуудан сабак алчуу жагдайлар бар экен. Маселен, Бангладештен мигарант болуп тышка чыгып кетүү өтө кыйын дешет. Башка өлкөлөрдөн аларга чакыруу барып, виза берилгенде да мыйзамдарына ылайык, окуудан өтүп, тийиштүү документтерин алышы кажет.Ошол эле тигүүчүлүк боюнча окушуп, тажрыйбага каныккан адистерди чет жакка чыгарганы жакты. А Кыргызстанда эмне болуп жатат? Орто мектептин бүтүп-бүтпөй чет жакка чыккан жаштарыбызды сурап койгон эч ким жок. Эч кандай адистиги жок өмүрүн тобокелген салып, чөт өлкөдөн жумуш издеп жүрүшөт.
Transaction Records Analysis Center (TRAC) уюму өткөн жылы АКШнын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн кеминде 40 000 борбор азиялыктардын иши сотто каралып жатканын, алардын ичинен 17 миңи Өзбекстандын, 7 миңи Кыргызстандын, 3 миңи Тажикстандын, 2,7 миңи Казакстандын, 2 миңи Түркмөнстандын жарандары экенин маалымдашкан. Ойлоно турган маселе бул.
Өткөн жылы Президент Садыр Жапаров кол койгон “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамда Кыргызстан визасыз режимдин узактыгына чектөө киргизүү менен чет элдиктердин келүүсүн күчөтүү каралган. Бирок, акыркы учурларда кошуна мамлекеттерде иммиграциялык мыйзамдардын катаалдашып жаткандыктан, Кыргызстан мыйзамдуу түрдө келүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу башка өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон чет элдиктердин транзиттик өлкөсү болуп калды деген пикирлер дагы жок эмес. Ал эми чет элдик жарандын өз убаганда каттоого турбагандар үчүн айып пул 5500 сомду түзөт экен. Бул айып пул дагы мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандарды түйшүккө сала турган чара эмес. Мурда чет элдик жарандар Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрүшүп, 59-күнү чек арадан чыкты деген мөөр бастырышып, чет жакка чыга калып, кайра кирип жүрө беришчү экен. Президент кол койгон жаңы майызамга ылайык, визанын мөөнөтү бүткөндөн кийин 120 күндөн ары кайра биздин өлкөгө кирүү каралыптыр. Канткен менен баш калаабызда биздин өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузган чет элдиктер аныкталып жатат. Жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинни кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ар кайсыл жерде жашаган Пакистан жана Бангладештен келген 130дан ашык чет элдиктер кармалып, алардын ичинен 64 адам виза мөөнөтү өтүп кеткен жана каттоосу жок жүргөнүн аныкташты. Өткөн айда Бишкекте миграциялык мыйзамдарды бузган 37 чет элдик жаран аныкталганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Алардын 14ү Пакистандын, 23ү Бангладештин жарандары экен. Ал эми 2024-жылдын үч айында Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары тарабынан мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 59 факты аныкталып, алардын чогултулган материалдары сотко жөнөтүлүптүр. Жалпысынан 6 миң 80 мыйзам бузуу аныкталып, салынган айыптын суммасы 19 млн. 97 миң сомду түзүптүр. Терең үңүлө карасак, кеп айып пулдун салынышында деле эмес, маселенин опурталдуулугунда.
Бүгүнкү күндө “кара тору” жаштардын биздин улуттун кулк-мүнөзүнө төп келбеген жоруктарды жасаган көрүнүштөрү социалдык түйүндөрдү кеңири жайылып жүрөт. Жакында эле тамак-аш ташып кызмат көрсөткөн 100дөн ашык чет элдик мигранттарды мыйзам бузууларга баргандыгы үчүн алардын иштөөсүнө тыюу салынды. Дагы бир өкүнүчтүү жагдай – кытай ишкерлери кыргыз жаранын сабаган учуру дагы социалдык түйүндөрдө желдей тарады. Мына ушундай көрүнүшкө өз убагында юридикалык баа берилбесе, эртең кеч болуп калат. Мыйзамсыз миграция – ар бир өлкө үчүн кооптуу. Анын алдын албаса болбойт. Дүйнөдө кылмыштуулуктун, оорунун түрү көбөйүп, терорризм, экстремизм күчөп турган шартта мыйзамдын чегинде өлкө кызыкчылыгын эске алып, тышкы миграцияга чектөө киргизүү туура эле кадам болмок.
Шекербек КАЛЫКОВ
№32 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 26-апрели
Иллюстрациялык сүрөт: интернет булактарынан алынды