"Эркин-Тоо"

Мыйзамсыз миграцияга байланышкан 74 кылмыштын бети ачылды

Үстүбүздөгү жылы  ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 74 кылмыштын бети ачылган. Бул туурулуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Өзбекстан Республикасынын-35, Тажикстан Республикасынын-33, Кытай Эл Республикасынын-2, Түркиянын-2, Пакистандын -2 жараны кармалган. Жарандар Жалал-Абад, Баткен, Ош, Чүй облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кармалган.

ИИМдин аталган кызматы тарабынан ϴзбекстан Республикасынын аймагында өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү боюнча эл аралык издөөдө жүргөн ϴзбекстан Республикасынын 1973-жылы туулган Г.Н. аттуу жаранын Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарынын аймагында изин жашырып жүргөн жеринен кармашкан. Ал 1996-жылдан бери жасалма паспорт менен  жүргөн. 2021-жылдын жаз айында Г.Н. ϴзбекстан Республикасына экстрадицияланган.2021-жылдын февраль айында ИИМдин ЭММКАКнын кызматкерлери келип түшкөн ыкчам маалыматтардын негизинде Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашкан.

2021-жылдын 9-февралында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Майнинг” фермасынын аймагынан өз өлкөсүндө жасаган оор кылмыш иши үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын жараны 1972-жылы туулган Я.Я. изин жашырып жүргөн жеринен кармалган. 2021-жылдын апрелинде аталган жаран Кытай Эл Республикасына экстрадицияланган.

2021-жылдын 30-апрелинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан өз өлкөсүндө баңгизаттарга байланышкан кылмышты жасагандыгы үчүн укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн Өзбекстан Республикасынын жараны 1984-жылы туулган М.Ж. жасалма паспорт менен жашап жүргөн жеринен кармалган. Андан сырткары ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө жана документтерди жасалмалоого шектелүүдө. Ал 2018-жылы Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өтүп келип, Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында жашап жүргөндүгү аныкталган. Ноокен райондук соту тарабынан М.Ж. 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган. Учурда жазасын өтөөдө.

ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарынын Гоголь жана Московский көчөлөрүнүн кесилишинен өз өлкөсүндө киши өлтүрүү боюнча эл аралык издөөдө жүргөн ϴзбекстан Республикасынын жараны 1983-жылы туулган Х.С. кармалган. Андан сырткары ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө шектелүүдө.
Азыркы учурда экстрадиция маселеси каралууда.

2021-жылдын февраль айында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгү менен биргеликте “Мередес-Бенц 413” (бусик) үлгүсүндөгү унааны токтотуп, анын ичинде жүргөн Тажикстандын 14 жаранын кармашкан. Алардын баары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн деп шектелүүдө. Чет элдик жарандардын мыйзамсыз аракеттери боюнча сот аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча чечимин чыгарды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!