Өлкөбүздөгү экономиканын өсүшү, орто жана чакан ишканалардын көбөйүшү, курулуш тармагынын буга чейин болуп көрбөгөндөй жанданышы өтө чоң жумушчу күчтү талап кылууда. Мындан улам миграциянын агымы күчөдү. Учурда сырттан келип иштегендер бир топ көбөйгөнү кадимкидей байкалууда. Бул жагдай – шарт турмуштун муктаждыгынан келип чыккан кадыресе көрүнүштөй болгону менен тээ түпкүрүндөгү маселелер ар бирибизди кооптондурууда. Мамлекет дагы муну эстен чыгарбай, бүгүндөн баштап мыйзамсыз жүргөн мигранттарга каршы рейддерди баштаганы турат.
Баарыбыз байкагандай, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан бир нече ирет мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды кармаган. Аларга жасалма визаларды берген жарандарды да аныктап, темир торго киргизгенине күбө болгонбуз. Бул фактылардан биз миграция жаатында өтө чоң түйшүктөр жарала баштаганын байкасак болот. Аны азыртадан баштап алдын албасак, кийин кеч болуп калышы мүмкүн. Учурда баарыбыз күбө болгондой, Россия катаал чараларга барып, мигранттарга чектөө киргизүү аракетин көрүүдө. Анткени, мигранттар тарабынан майда-чүйдө мыйзамсыздыктан баштап, ири теракт иштери жасалды. Бизде да андай коркунуч жок эмес, анткени биздин өлкөгө акыркы жылдарда Пакистан, Бангладеш сыяктуу аймактардан келген мигранттардын агымы арбын болууда. Ал жакта диний радикалдуу топтор түрдүү акцияларды жасап, адам өмүрүн кыйып келе жатканы маалым. Ошол агымдардан келген болсо, бул жактагы радикал көз караштагы тарапташтарын таап, баштарын бириктирип алгандан кийин өз саясатын жүргүзбөй койбойт. Бул турмуш чындыгында аныкталган нерсе, аны жокко чыгара албайбыз. Демек, бул жаатта атайын кызмат өтө катуу иштөөсү зарыл. Жумушчу күчтөрдү тартабыз деп отуруп, башыбызга чоң балээни үйүп албашыбыз керек.
Ооба, азыр биз жумушчу күчкө муктаж болуп турабыз. Сырттан мигранттарды чакырбасак, дүркүрөп жаткан курулуштарды, иштей баштаган ишканаларды, салынып жаткан жолдорду ийге келтирүүгө жетишпейбиз. Эшигибизди жаап алсак, экономикабыз көтөрүлбөйт. Ырас, азыр өзүбүздүн жарандар кайра келе баштады. Бирок, жапатырмак келип ишти колго ала элек. Биринчиден, айлык маяналарда айырма бар окшойт. Экинчиден, сыртта иштегенде тууган-туушкандын ортосундагы той-топурдан алыс болуп, алагды болбой иштегенге мүмкүнчүлүк жаралат дешет экен. Айтор, канткен күндө да, азыркы учурда бизге иштей турган адамдар зарыл экени чындык. Буга да шүгүр дешибиз керек, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө өтө чоң аракеттер жасалууда. Ал баарыбыз байкагандай ишке ашып жатат. Андыктан, миграциянын агымына да туура түшүнүү менен карап, турмуш муктаждыгын кабыл алуу зарылчылыгы жаралууда. Бирок, тыкыр көзөмөл болушун эстен чыгарбашыбыз шарт. Анткени, биздин канатыбыз калдайган саны арбын элден эмеспиз. Россиядагыдай 150 миллион элибиз жок. Бизге келген мигранттардын өлкөсүн карасаң эле заманаң куурулат. Пакистандын 250 млн, Бангладештин 170 млн калкы бар. Экөөсүнөн 1 пайыздан эле жумушчу келсе, биздин калктын басымдуу бөлүгүн түзүп калат. Андан кийин чыгарыштын өзү тозок болот. 1960-жылдарда Европага барган мигранттар азыр чоң күч.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрүп, өлкөдө 5 миңдей мигрант мыйзамсыз жүргөнүн белгилеген. “Айрым учурда иш берүүчүлөр же окуу жайлары чет өлкөлүктөрдүн визаларын өз убагында узартып бербей, мыйзамсыз мигранттарды жумушка алып, миграциялык мыйзамдарды бузушат. Мунун натыйжасында, өлкөдө тартип бузган чет элдиктер көбөйүп жатат. Мыйзамсыз кирген мигранттар спирт ичимдиктерин жана баңги заттарын колдонуп, коомдук жайларда маданиятсыз жүрүшүп, жергиликтүү калктын каада-салтын жана маданиятын урматтабай жатышат. Бул өз кезегинде улуттар аралык конфликттерге жана коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн” деген К.Ташиев.
Ага улай, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга, чет элдиктерге кайрылып, 10-июнга чейин укуктук абалын жөнгө салышы керектигин билдирген. “Кыргызстанга окуу же туристтик виза менен келип, бирок иштеп жүрсөңүз да эч чочулабастан 10-июнга чейин аны иш визасы кылып өзгөртүп алсаңыз болот. Ал үчүн эч кандай жаза чегерилбейт, айып пул дагы төлөбөйсүз. Же болбосо эмгек визасы менен келип, бирок мөөнөтүн узартпай калгандар бар. Ошолорго документтерин тууралап алууга мүмкүнчүлүк берилүүдө. Ал үчүн ИИМдин бөлүмдөрүнө кайрылып, өлкөбүздө кылмыш кылбаганы тууралуу маалымдама алсаңыздар жетиштүү. Ошол документ менен Консулдук департаментке кайрылып, визаларын тууралап алса болот. Чет элдик жарандарды иштетип жүргөн ишкерлерибизге да кайрылат элем. Тикмечилик, курулуш, товар жеткирүү же башка кайсыл жумушка алсаңыздар да алардын документтерине көңүл буруп койсоңуздар. Мурдагыдай бир мекемеде жумушчулардын 20%ы гана чет элдик болушу керек деген талап жок. Азыр жумушчуларыңар толук чет өлкө жарандары болсо да чектөө жок” деп жазылган Ниязбековдун билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинети 29-майда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берген убактылуу жобону бекиткен. Өкмөттүн басма сөз кызматы документ Президент Садыр Жапаровдун 22-майдагы «Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу чаралары тууралуу» Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.
Кыргызстанга жыл башынан бери 61 миң турист, 30 миң студент жана 12 миң эмгек мигранты расмий түрдө келген. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк, кызматтык, диний ж.б. категорияларда 10 миңден ашык адам өлкөгө кирген. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылга эмгек мигранттарына белгиленген квота 25 миң адамды түзөт. Ал эми 2024-жылы 17 миң 989 чет элдик жаран иштөөгө уруксат алган.
Кылычбек Кудайбергенов