"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр кармалууда

Үстубүздөгу жылдын 11-июнунан тарта Улуттук коопсуздук органдары өлкө аймагында “Нелегал-2025” аттуу атайын операцияны баштады. Ал Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсүнүн негизинде жүргүзүлүүдө.

Операциянын жүрүшүндө миграциялык мыйзамдарды бузуп, өзүнүн укуктук статусун мыйзамсыз легалдаштырууга аракет кылган чет өлкөлүк жарандар аныкталды. Президенттин 22-майдагы №164 Жарлыгына ылайык, мындай мыйзамдаштыруу боюнча жеңилдетилген мөөнөт каралган эмес.

Эреже бузгандар тиешелүү жайларга жеткирилип, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлдү.

УКМК иш берүүчүлөрдү жана чет өлкөлүктөрдү чакырган тараптарды мыйзам бузгандарды ыктыярдуу түрдө өлкөдөн чыгууга көмөктөшүүгө чакырууда.