Экинчи Элдик курултайдын Улуттук кеңеши жана эсептөө комиссиясы шайланды.
Улуттук кеңештин төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев, анын орун басарлары болуп Эркинбек Абдыразаков, Баатырбек Исмаилов шайланды. Улуттук кеңештин курамы 17 мүчөдөн турат.
Ал эми Асел Лаваева Эсептөө комиссиясынын төрайымы болуп шайланды. Эсептөө комиссиясынын курамына 13 адам кирди.
Мындан тышкары, Жыргалбек Качкеев Элдик курултайдын катчысы болуп шайланды.
Эскерте кетсек, курултайга 700дөй, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.