Мыктыбек Абиров, Кыргыз фондулук биржасынын директорунун орун басары:  Баалуу кагаздар рыногуна кызыгуу көбөйдү

Жакында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров коомчулукка финансылык абалды жакшыртууга багытталган демилге менен чыкты. Өлкө башчысы Министрлер Кабинети калк үчүн жылдык 17 пайыздык киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды сатыкка чыгарганын билдирди. Анын алкагында ар бир жаран баалуу кагаздарды мобилдик тиркеме аркылуу онлайн режимде сатып алуу мүмкүндүгүн айтты. Бул багытта өлкөдө баалуу кагаздар менен иш алып барган Кыргыз фондулук биржасынын директорунун орун басары Мыктыбек Абиров менен маектештик.

Мыктыбек мырза, өлкөдө баалуу кагаздар менен иш алып баруу кандай жолго коюлган?
— Жалпысынан Кыргыз фондулук биржасынын иштеп жатканына быйыл 31 жыл болду. Фондулук биржа баалуу кагаздар менен соода жүргүзүүнү уюштурган негизги аянтча болуп эсептелет. Биздин негизги максат – ишканаларга инвестиция тартуу жана инвесторлорго өз каражаттарын жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү болуп саналат. Фондулук биржада бир нече секторлор менен иш алып барабыз. Алар: корпоративдик баалуу кагаздар, мамлекеттик баалуу кагаздар жана товардык сырье, баалуу металдар секторлору бар. Биржада жаңы сектор катары баалуу металлдар сатыкка коюлуп баштады. Негизинен учурда биржа аркылуу облигация, акция, мамлекеттик баалуу кагаздар жана башка инструменттер аркылуу сатуу жүргүзүлөт. Ошондой эле, капитал рыногу санариптештирилүүдө. Анын алкагында биздин катышуучулар, брокердик компаниялар жаңы программалык продукттарды сунуштоого шарт түзүлөт.

— Ал эми баалуу кагаздардан түшкөн кирешенин көрсөткүчү кандай?
— Дүйнөлүк практикада баалуу кагаздар инвестиция кылуунун эң жайылган түрү болуп эсептелет. Бул тармакта кирешени ар кандай категориядагы инвесторлор табышат. Алар: жөнөкөй жарандар, жеке жактар, жеке ишкерлер, компания, банктар, камсыздандыруу уюмдары болуп саналат. Бардык каалоочулар облигацияны сатып алып көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде сатып, пайыздык киреше таба алышат. Жалпысынан акыркы жылдары биздин фондулук биржада өнүгүүлөр байкалууда. Бизге ири акционер болуп Финансы министри киргенден бери алар колдоо көргөзүп, жаңы продукты, долбоорлорду ишке ашырууга жардам берип, анын натыйжасында соода жүгүртүүнүн көлөмү өстү. Акыркы 5 айдын жыйынтыгында жалпы сооданын көлөмү, 177 млрд 313 млн сомду түздү.

Жакында Мамлекет башчысы ар бир жаран мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу иши онлайн негизде алса болоорун билдирди. Аталган демилге ишке ашса жарандар үчүн кандай артыкчылыктар болот?
— Президентибиз айткан демилге абдан маанилүү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына мамлекет тарабынан кепилдик берилгендиктен эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат. Бул демилгени ар бир жаран колдоп, ага катышууга чакырам. Жарандар салган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле, учурда жарандар жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турушат. Киреше төлөмдөрү квартал сайын төлөнүп берилери күтүлүүдө. Мисалы, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешеси, көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору. Бул абдан ишенимдүү кадам десек болот. Министрлер Кабинети тарабынан тескемеге кол коюлуп, көлөмү 500 млн сом көлөмүндө пилоттук долбоор менен чыгарылууда. Биздин өлкөдө баалуу кагаздардын өнүгүүсү жана колдонуу деңгээли жаңыдан өнүгүп келаткан рынок болуп эсептелет. Бирок, соңку убактарда баалуу кагаздардын сатуу көлөмү өсүп жатат. Көпчүлүк өлкөлөрдө традициялуу инструмент болуп эсептелет. Чет өлкөлөрдө миңдеген жарандар өздөрүнүн ашыкча акчаларын баалуу кагаздар рыногуна салып иштетип, киреше таап келишет. Баалуу кагаздар өлкө экономикасына таасири чоң. Анткени компаниялар акция, облигацияларды чыгарып, өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Анын негизинде жаңы жумуш орундары түзүлөт. Экинчиден бюджеттин керектөөсүнө кошумча каражат болот.

Ал эми өлкөдө брокердик ишмердүүлүктүн коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн кандай бааласак болот?
— Брокердик ишмердүүлүк – бул кардардын (инвестордун) тапшырмасы жана анын эсебинен баалуу кагаздар, валюталар же башка финансылык инструменттер менен соода операцияларын жүргүзүү. Брокер – кардар менен биржанын ортосундагы ортомчу болуп саналат. Кыргызстанда бул тармак акырындан өнүгүп келе жатат. Брокердик ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алуу зарыл. Бул ишмердүүлүктү юридикалык жактар эле аткара алат. Ага билим деңгээли, атайын сертификаттары дал келүүсү абзел. Анткени, алар жарандарга баалуу кагаздарды сатуу иштери боюнча кеңеш беришет.

Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X