"Эркин-Тоо"

МЫКТЫЛАР ЧЫНЫГЫ МЫКТЫ ЭМЕС ОКШОЙТ…

Атайын үлгүдөгү «Алтын тамга» сертификаты окуучунун ата-энелерин эле кубантканы болбосо, билим деңгээлинин натыйжасы кубантарлык эмес экен. Кезектеги тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча катышуучулардын 8,6 пайызы гана билиминин мыкты экенин далилдешиптир. Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо улуттук борборунун билдиргенине караганда, бардык суроолор мамлекеттик стандартка ылайык, балдардан мектеп программасынан башка эч нерсе талап кылынбагандыгын баса белгилешет. Маселен, 2023-жылы кызыл аттестат алууну каалаган 2000ге жакын мектеп окуучулары болсо, анын ичинен 167си гана тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышкан. Алсак, Талас облусунда 68 окуучудан 4, Чүйдө – 145тен 21, Жалал-Абадда – 326дан 10, Баткенде – 131ден 14, Ош шаарында 112ден 8, Ош обусунда – 523төн 20, Нарында – 126дан 6, Ысык-Көл облусунда 178ден 7 окуучу билим жагынан мыкты экенин араң далилдешкен. Айтор, чыныгы мыктылар кагазда эле бар экен.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!