"Эркин-Тоо"

Мындан ары дыйкандар айыл чарба жерлерин ижарага алууга онлайн арыз бере алат

Мындан ары үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери Министрлик тарабынан иштелип чыккан agrojer.kg маалыматтык системасы аркылуу жер участокторун алууга арыз жибере алышат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

«Маалыматтык agrojer.kg системасы арыздарды ыкчам кабыл алууга шарт түзүп, мамлекеттик органдар менен колдонуучулардын ортосундагы байланышты жеңилдетет. Ошондой эле дыйкандардын арыздарынын абалын жеңил көзөмөлдөөсүнө жана маанилүү маалыматтардан кабардар болуп туруусуна мүмкүнчүлүк берет»,-дейт министрлик.

Пример HTML-страницы