
Сот бийлигинде көп жылдан бери иштеп келе жаткан Нүргүл айым менен маек эч жасалмасыз, жандуу маанайда уланды. Биз көпкө сыр түйүнүн чечкенге аракет кылдык. Каарманым да жакшы маанайда көңүлү көлкүп, чын ыкластан түрдүү багыттагы соболдорума жооп узата отурду. Баса, Нүргүл айым 22-апрелде 50 жашка чыкмакчы. Кут болсун!
— Нүргүл Жакыповна, эр ортону элүү жашты чамалаган чагыңызда сиз менен жасалмасыз, жандуу маанайда маектешип, көңүлүңүздөгү ойду тапканга аракет кылсам дейм. Бул жагына өзүңүз деле каршы эмес чыгаарсыз. Эмесе, ак дилден аңгеме-дүкөн куруу ниетиме чын жүрөктөн ортоктош боло аласызбы?
— Албетте, маектин ачык болушун, чын ыкластан берилген суроолорго жасалмасыз маанайда жооп узатканга аракет кылууну өзүм да жактайм. Андыктан, кандай собол болсо да даярмын.
— Чыгыштын улуу акылманы Саадинин “бала кездеги илимиң – таш бетине чегилген сүрөт сыңары” — деген таамай кеби бар. Балалык доордогу, кийин бой жеткендеги илим-билим турмушта сизге кандай канат боло алды? Балким бул жагын түшүнүктүү кылып чечмелеп коёрсуз…
— Ар бир адам өзүнүн дараметин, кудуретин, алган билимин, тажрыйбасын кичинесинен тарта топтойт эмеспи. Мен 1973-жылы 22-апрелде Ош облусунун КараСуу районуна караштуу Отуз-Адыр айылында кызматкердин үйбүлөсүндө туулгам. Атам Жакып Бакиров кесиби боюнча зоотехник, көп жылдар бою канаттуулар фабрикасында жетекчилик кызматтарда иштеп жүрдү. Апам Бакирова Айпери да кесиби боюнча ветеринардык дарыгер. Учурда ардактуу эс алуудагы кутман кары. Бир тууган агам Бакиров Талантбек 2011-жылы 46 жашында дүйнөдөн кайтты. Биз 3 кызбыз. Эжем соода тармагында эмгектенсе, сиңдим мамлекеттик кызматта эмгектенет. Наристе чагымдан алгач бала бакчага, андан соң 1980-жылы биздин Отуз-Адыр айылындагы Н.К.Крупская атындагы мектептин босогосун аттагам. 1-классымдан алгачкы “А” тамгасын үйрөтүү Оморова Сонайым аттуу мугалим эжейимдин шыбагасына туш болду. Эсимде, 1-класстагы Алиппе китебинде В.И.Ульянов аттуу текст бар эле. Тексттин мазмунунда В.Ульяновдун мектепти жакшы окуп, алтын медаль менен аяктагандыгы камтылган. Негедир ошол текст мага абдан катуу таасир берген. Кайра-кайра текстти окуган соң “мен дагы келечекте Ульяновдой мектепти алтын медаль менен аяктасам” — деген изги тилекти көкүрөгүмө түйүп алдым. Ошондуктанбы, тээ мектептеги кезден эле китепти окуганда бардык нерсени унутуп, берилүү менен зор ынтаа коюп окучумун. Ишенсеңер, башталгыч класстагы мугалимим Сонайым Оморова өзү бир жакка иш менен чыгып кеткенде классты мага башкартып койчу. Азыр классташтарым ара-тородо жолуга калышканда “сен бизге кичинекейиңден эле мугалим болгонсуң” — деп калышат.

— Демек, сизде башталгыч классыңыздан тарта эле лидерлик сапаттар байкалган экен да…
— Ооба. Азыр ойлосом 2-3-класстан тарта эле өзүм менен чогуу бир партада окуган классташтарымдын текшерүү иш, жат жазуу өңдүү өздүк иштерин текшерчү экенмин. Класс жетекчим Сонайым эжем да менин идирегимди байкагандыктанбы, мага кадимкидей ишеним артып, балдарды окуттуруп, башкартып коёр эле. 2-классымдан пионерге өттүм. Ошондон тарта коомдук иштерге кызыгуум өстү. Өзүм 22-апрелде Лениндин туулган күнүндө төрөлгөм. Дал ушул датада пионерге өткөм. Бул жагы да өзүнчө бир кызык. 3-классымдан тарта Дружина советине өтүп, төрагасы да болуп калдым. 22-апрель, 19-майда жеткинчектерди пионердин катарына кабыл алып, кадыресе коомдук иштерге активдүү аралаша баштадым. Баштагы билим алуу боюнча соболуң менен унутта калып бараткан көп нерсени эстетип жатасың. Жогоруда айттым го, атам зоотехник, апам мал дарыгери болгондугун. Ошондуктанбы, биз үйгө мал кармайт элек. Короодо мал турса, атаэне баланы эмгекке бышырат тура. Мектептен келээрим менен үйдөгү көп жумуштарга аралашпай китеп окугум келет. Мындай шартта ойлонуп, ата-энеме талаага кой кайтаруу сунушумду киргиздим. Атаэнем да сунушума каршы болгон жок. Ошондон тарта бир баштыкка толо китеп, экинчисине тамакаш салып алып талаага жөнөп, кой кайтарып, ага удаа китеп окуп жүрдүм. Ч.Айтматовдун чыгармаларын 3-классымда эле окуп бүткөнүмө азыр айрымдар ишенбейт болуш керек. Ошентип, 12 жашымда мени мөөнөтүнөн мурда комсомолдун катарына кабыл алышты. Ошондон тарта райондогу, облустагы комсомолдун райкомпартия менен өткөргөн жыйындарында сөз сүйлөп баштадым.
— 12 жаштагы секелек кыз андай чоң чогулуштарда эмнени сүйлөгөндүгү азыр мага таң калычтуу болуп жатат…
— Өзүмдүн көз-караш, оймүдөөмдү айтуу менен катар комсомолдун кандай болушу керектигин, келечегин камтыган сөздөрүмдү сүйлөп жүрдүм. Андагы баш калаа Фрунзеге чейин комсомолдун съезддерине келип, жалындуу сүйлөгөн учурумдун баарын азыр эстеттиң, иним. Кийин Москвага ВЛКСМдын 21-съездине барганымды азыр сыймыктануу менен айта алам.
— Мектеп курагындагы кичинекей эселек кызды ошондой чоң жактарга ким сунуштап, ким алып барып жүрдү деги? Бул жагы кызыгууну туудурат да чынында…
— Мектеп курагындагы секелек кыз экениме карабай, мени баласынтып басынтпай, дараметимди көтөрүүгө насаатчы болгондорду жөн гана сыймыктануу менен атай алам. Мен мектепте окуп жүргөндө андагы райком комсомолдун 1-катчысы Нургазы Айдаров, райком партиянын 1-катчысы Камбаралы Узаков, 2-катчысы Абдыкапар Шүкүров, Ош обком комсомолунун 1-катчысы Аликбек Жекшенкулов, БК ЛКСМдин 1-катчысы Тынычбек Табалдиев, анан албетте, обком партиянын 1-катчысы айтылуу Ренат Кулматов сыяктуу үлкөн адамдардан көп насаат алдым. 6-класста окуп жүргөн кезимде Фрунзедеги Кыргыздрамтеатрында өткөн комсомолдун конференциясына келип калдык. Ошондо мен Ренат Сатарович Кулматов менен катарлаш отуруп калыпмын. Сүйлөп трибунадан түшкөнүмдөн кийин мени аябай карап, “кызым, сен Кара-Суудан келдиңби?” — деп өзгөчө көңүл буруп, сүйлөшкөнү азыр да эсимде. Улуу кишинин улуулугун карабайсыңбы, конференция бүткөн соң драмтеатрдын фойесинен мага “Манас” деген шоколад алып берип, бир топко сөзгө тартып, идирегимди байкаган экен. Кийин биздин мектепке жолугушууга келгенде мен жөнүндө абдан жакшы сөздөрдү айтканы азыр да көкүрөгүмдө жылуу сакталып калыптыр. Дагы бир кызыкты айтайынчы сага. Кадимки Апсамат Масалиев менен да бир нече жолу сүйлөшүп калганым өзүнчө бир кызык.

Төрайымы Нарбаева Танзила Камаловна менен
— Сиз мектеп окуучусу болуп туруп, улам бир үлкөн менен кантип сүйлөшө калганыңыз мага да кызык маанай жаратууда…
— Бул залкар киши Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы кезинде жаңылбасам 4-5 ирет жолуккам. Айттым го, мен анда окуучу куракта болчумун. Азыркы Ак үйдүн 7-кабатында отурчу. Улуу кишинин улуулугуна, а эң башкысы жөнөкөйлүгүнө ар бир жолугушкан сайын таасирленип, ушунчалык тан бергем. Мектептеги кезде өлкөбүздүн атынан Ташкенттеги, Ленинграддагы, Москвадагы жаштардын форумуна катышып жүрдүм. Ошондой форумдарга барардын астында сөзсүз Апсамат Масалиевичке, Ренат Сатаровичке кирип, ал кишилердин жол көрсөтүүлөрүн, насааттарын угуп жөнөчүбүз. Мындай көрүнүш ал убакта салт болуп калган. Ошондой убакта аты аталган залкар инсандар менен сүйлөшүп, суроо берип, жакындан таанышуу бактысы менин мектептеги курагыма дал келген. Азыр ойлосом кичинемде тайманбас, өткүр экенмин. Жаш өйдөлөгөн сайын курчтуктун мизи кайта баштайт тура (күлүп). 1990-жылы Москвага съездге барып калдык. Азыркы Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ал убакта Политехникалык университеттин комсомол уюмунун катчысы болчу. Акылбек Үсөнбекович менен ал съездге бирге бардык. Съездде жалындуу сүйлөгөнүм азыр да эсимде. Москвадагы дал ошол жыйында М.С.Горбачев менен кол алышканымды, Казакстандын саясий ишмери Имангали Тасмагамбетов менен таанышканымды, 1995-жылы жогорку окуу жайын кызыл диплом менен аяктап жатып, ЫсыкКөл форумунда дипломумду ошол учурдагы президент Аскар Акаевдин колунан алгандыгымды күнү бүгүнкүдөй эстейм. Мунун баары өздүк архивдерде, сүрөттөрдө сакталуу…
— Өзгөчө кайсы сабакка ынтаа коюп берилүү менен окудуңуз?
— Көбүнчө гуманитардык багыттагы сабактарды жантыгымдан жата калып окудум. Өзгөчө орус тили сабагынан, физикадан кезегинде олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды камсыз кылып жүрдүм. Мектептеги жакшы окуган үлгүлүү жүрүш-турушумдун арты менен бүткүл союздагы эл аралык балдар лагери болгон Артекке да баргам. 9-классымдан укук таануу сабагынан райондук, облустук, алтургай республикалык олимпиадага чейин келип, бардыгынан 1-орунду камсыз кылып кеткеним окуучулук кездеги эсте калган ирмем катары азыр да көз алдыма элестейт.
— Укук таануу сабагынан камчы салдырбаган жүрүшүңүз келечектеги сот кызматкери болушуңузга оң таасирин тийгизген тура анда ээ?
— Бир эседен ал жагы, бир жагынан мен мектепте окуп жүргөндө айтылуу Чолпон Баекованын жылдызы жанып турган кез эле. Ошол кезде ыраматылык, бейиши болгур алтын атам мени негедир “менин кызым келечекте Баекова болот” — дей берчү. Мына ушундай жагдайлардан уламбы айтор, тагдыр мени укук таануу тармагын тандап, адамдардын тагдырын чечүү жагына аралаштырганга түрттү окшойт деп ойлойм. 1990-жылы мектепти алтын медаль менен аяктап, ошол эле жылы республикалык олимпиадаларда биринчиликти камсыз кылып жүргөн жүрүшүм менен Улуттук университеттин юридикалык факультетине эч кандай сынаксыз кабыл алынгам.
— Эртеден бери кебиңизди тыңдасам бактыңызга өңчөй залкар инсандар менен баарлашуу, айрымдары менен иштешүү бактысы буюруптур. Бул жагын кандайча чечмелей аласыз?
— Негизи менин жеке жашоомдо, маңдайга жазган буйрук тагдырымда күчтүү лидерлер менен баарлашып, аларга таасирленип, “ырыс оошот, акыл жугушат” – дегендей залкар инсандардын кандайдыр бир жакшы сапаттарын өзүмө сиңирип алууга жан үрөйм. Ар бир адамга Кудай Таалам өзүнүн аракетине жараша дөөлөт, кызмат берет. Биз убагында көп нерселерди баалабайт экенбиз. Азыр кезегинде залкар инсандар менен баарлашып, жолугушуп, күчтүү сабак алган экенмин деп ойлойм. Мен бул адамдарды дайыма эстеп, өмүр бою унутпай жүрөм.
— Студенттик күндөрдүн кереметине эч нерсе тең келбейт эмеспи. Ал жагы өзүнчө бир тарых дегендей. Улуттук университеттеги студенттик күндөрдү кандай эскерет элеңиз?
— Өзүң айткандай студенттик күндөрдүн кереметине не жетсин! 1990-жылы университеттин юридикалык факультетине тапшырганымда ал жактын профессордук окутуучулук курамы абдан күчтүү болчу. Азыр ойлосом катуу талап менен бизди окутушкан экен. 1-курска сынаксыз кабыл алынган кыздын деңгээли ушуга ылайыктуу бекен деген мугалимдердин сыноосу менен мен алардын көңүл борборунда болдум. Ж.Саткеева, С.Сатыбеков, Ж.Сабырова, К.Асаналиев, Алымкулов, Токтобаев өңдүү бир катар юридика илимдеринин корифейлери бизге сабак беришер эле. Булардын көбүнүн көзү өтүп кетти.
— Ургаачы жанга 3 жагынан (күйөдөн, бала-бакырадан, төркүндөн) бак айтса, кыздын бакыты ошол дешет. Жараткан сизди дал ушул 3 бакыттан өксүү кылган жокпу?
— Студент кезде жатаканада 4 кыз чогуу жашап калдык. 2-курста Асел аттуу 1-курстагы кыз бизге кошулуп калды. Ошол Аселдин бир тууган бөлөсү ара-тородо бизге келип, таанышып калды. Таанышуудан көп өтпөй ал жигит негедир биздин жатакана жакка көп каттай баштады. Алгач достук мамиледе жакшы баарлашып, киного барып, биз менен сыр билгизбей жүргөн. Акыры баягы жигиттин сезими ачыкталып, биз бирибирибизди түшүнүп, 4 жылга жакын кыз-жигит болуп жүрүп үйлөндүк. Кудайга миң мертебе шүгүр келтирем, жолдошум аябай түшүнүктүү. Өзүм түштүктүн кызы болгонум менен кайын журтум Чүйдүн Ысык-Ата районунан болот. Жолдошум экөөбүзгө Жараткан 2 уул, 1 кызды берди. Уулдарым экөө тең үйлөнүшүп, чоң турмуштан ордун таап кетишти. Кызым менин чыйырымды тандап, учурда юридика багытында 2-курстун студенти. Төркүнүм Кудайга шүгүр жакшы. Башта айтканымдай эжем, сиңдим жана апам бар. Туугандарымдын бардыгы менен байланышып турам. Айтканга оңой болгону менен аял кишиге бир убакта карьера менен үй-бүлөнү алып кетиш абдан оор. Ким бирөөнүн “меникиндей үй-бүлөнү жасаш үчүн ошончо жылдык өмүрүм менен мээнетим кеткен. Мен каалагандай үй-бүлөнү кура алдым” деген жакшы сөзү бар эмеспи. Өзүң каалагандай үй-бүлө, жолдош, кайын журт күтүү, жумуш менен үйбүлөнү бирдей алкакта алып кетүү оңой нерсе эмес. Сөздүн ток этери мендеги баары үчүн Кудайга миң мертебе шүгүр кылам.
— Бүгүнкүдөй даражага, Жогорку Соттун төрайымдыгына дейре секирик жасаган саясий карьераңызга, түндүгүңүздү көтөргөнгө себепчи болгон каарман деп кимдир-бирөөнү баса белгилеп көрсөтө аласызбы?
— Жашоодо мага даяр эч нерсе келген жок. Элүү жаштын кырына келгичекти эмнеге жетишип, эмнеден кем-карч болгонумду, келечекте дагы кайсы иштерге жетишишим керектигине саресеп салып отурам. Жашоодо кимдир бирөөнү эт-бетимден кетип туу тутуп, дал ушундай болом деп таасирленген каарманым деле болгон жок. Бул аралыкка чейин кимдир бирөө образдуу салыштырганда алдыма даяр иш, даяр ашты койгон жок. Тээ мектептен тарта адал мээнет менен тытынып, тынбаган аракет кылып, дал бүгүнкүдөй бийиктиктерге жетиштим.
— “Сапёр бир гана жаңылат” дешет. А сотторчу? Адамдын бүтүндөй тагдырына таасир этип, көп убакта каалагандай калчап койгон соттор канча ирет жаңылат болду экен?..
— Бул абдан оор суроо. Жогорку Соттун төрайымы кезимде же азыр деле төраганын орун басары катары кесиптештериме “адамды сындырып же өлтүрүп коюш бат эле. Хирург жаза басып, бейтапка карата туура эмес иш кылып алса ал адам операциядан чыкпай калышы мүмкүн. Эгерде сот адамдын тагдырын туура эмес чечип койсо, мындай чечим менен ал адамды моралдык жактан өлтүрүп койгонго барабар” — деп көп айтам. Бир акылдуу адамдын “бир күнөөсүз адамды күнөөлүү деп тапкан, жүз күнөөлүү адамды күнөөсүз деп тапкандан да оор” — деген экен. Аныгында Кудай гана адамды жазалай алат. Ырас, Жараткан бешенеңе адамдардын тагдырын чечүү вазыйпасын ыроологон соң, ушул миссиядан адашпай, жаңылбаш керек. Биз эми мусулманбыз, акыретти ойлошубуз керек да, туурабы? Эгерде жаңылыштыкка жол берсек, Кудайдын сотунан кайда качабыз? Адамдын тагдырын чечип жатканда өтө ойлонуп, миң толгонуп, уйку качып, кыйналып чыккан күндөрүм болгон. Андыктан, Жараткан өзгөчө тагдыр чечер маалда түз жолунан адашкылык кылбасын деп бассамтурсам Кудайдан тиленгеним тиленген. Иш боюнча ойлонуп калган убактарда “мен ушул адамдын тагдырын туура эмес чечип койдум да, аттиң” – деген ичте өкүт боло элек жана келечекте да болбой эле койсо дейм!
— Иш боюнча кызыктуу, ар кандай жагдайлар болуп калат эмеспи. Сиздин эсиңизде калган ирмемдер да болгондур…
— Эсимде, соттун чоң катасынын айынан (ал кесиптешимдин аты-жөнүн айтпай эле коёюн) менин кароомо бир иш келип түштү. Ал кесиптешим адам өлтүрүү боюнча эки адамга ар бирине 15 жылдык оор жаза ыйгарат. Ошондой 15 жылдык оор жаза алган ал экөө 5-6 жыл отурган соң адамды өлтүргөн чыныгы кылмышкерлер кармалып жатпайбы? Мындай шартта камакта 5 жылдап отурган эки адамдын моралдык, материалдык кенемтесин өндүрүү менин шыбагама туш келген. Ишти карап, береги эки жараныбыздын түрмөдө 6 жылга чукул убактысы корогонун көрүп, экөөнүн тагдырын каалагандай калчаган кесиптешиме абдан ачуум келген. Ал экөөнө канчалык моралдыкматериалдык чыгым өндүрүлгөн күндө деле эч качан булардын түрмөдө көргөн кыйынчылыгын, азаптуу күндөрүн эч ким кайтарып бере албайт. “Бычакты адеп өзүңө ур, оорубаса анда башкага ур” – деп айтылгандай, адамдын тагдырын чечүүдө өтө астейдил мамиле керек.
— Дегеле бул жалган жашоодо өзүңүзгө бапестеп кандай эстелик тургузсам дейсиз?
— Эстелик болгондо кандай? Артыңа жакшы из калтырсаң, ишиң менен кийинки муунга үлгү болсоң, кай багыт болбосун үлгүлүү жүрүш-турушка ээ болсоң, үйбүлөнүн очогун сактап, ыймандуу, илим-билимдүү балдарды тарбиялап чыксаң ушунун өзү эстелик эмеспи. Убагында улуттук университетте, кийин ОшМУда, КЭУда сабак берип, мугалим болуп жүрдүм. Учурда ошондо окуткан студенттеримдин бир канчасы сот, көпчүлүгү прокурор, айрымдары милиция, кээлери аткаруу бийлигинин кызматкерлери катары ара-тородо, майрамдарда учурашып, салам-дубай айтып калышса, төбөм көккө жетип, ыраазы болуп калам. Ушунун өзү эстелик эмей эмне?
— Эртеден бери кебиңизди тыңдасам эркектин улуу жолун сыйлаган, астыдагы “креслоңузга” таянып, кыя өтпөгөн жүрүшүңүзгө баа бердим. Балким ушундай үлгүлүү изиңиз үчүн өмүрлүк жолдошуңуз карьералык жактан өсүшүңүзгө жөлөктаяк болгонбу деп ойлоп коём…
— Эң туура! Жолдошум экөөбүздүн турмуш курганыбызга 30 жылга чукулдады. Бул аралыкта ысык-суукта, турмуштун ар кандай жагдайларында арабаны бирге тарттык. Ортодо казан-аяктар да кагышпай койгон жок. Алдыда да Кудай буюрса чоң ашуулар турат. Жолдошумдун колдоосу болгону үчүн ушундай карьера жасадым да. Андыктан, мен кайрадан 18 жашта болсом деле азыркы жолдошумду тандамакмын. Себеби, мен бактылуумун! Аял кишинин карьера жасашына, коомдогу өзүнүн ордун табышы биздин менталитетке байланыштуу өтө оор нерсе. Биздин коом “кылт этип” ката кетирген эркекти кечирет. Мейли эми “эркекчилик кылыптыр” да дешип. А аялды эгерим кечирбейт! “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген сыяктуу кыздарыбызга көп нерсеге кичинесинен тыю салынат. Бул биздин салтыбыз. Андыктан, мыйзам менен салтыбызды эриш-аркак дайым бирге алып жүрүү абзел.
— Кезегинде Жогорку Сотту башкарган Курманбек Осмонов менен Конституциялык соттун төрайымы болгон Чолпон Баекованын кубулжута обон созушканы басма сөз кызматкерлерине гана эмес, жумурай-журтка белгилүү. Жараткан сизге мыйзамды семичкедей чаккандан башка кандай өнөрдү ыроолоптур?
— Өзүмдү укмуш ырчыбийчимин деп айта албайм. Күндүз кечке креслодо каккан казыктай отура бергенгеби, кечки тамактан соң жолдошум экөөбүз музыка коюп бийлейбиз. Ырдаганды албетте, жакшы көрөм. Тар чөйрөдө, жакын адамдарым менен отурганда ырдап коём. Балалык кезимде ыр жазганга “чымыным” бар эле. Мектептеги кезде эне жөнүндө ыр жазып, жетим балдар жөнүндө повесть жазган элем. Ошол чыгармамдын негизинде кино тартуу балалык кыялымдын бири бойдон калып калды.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№31 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 18-апрели