"Эркин-Тоо"

«Намыска жарадың!» Президент Садыр Жапаров Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиону аталган Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады.

«Намыска жарадың Жоламан баатыр! Азаматсың!

Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң.

Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар үчүн да чоң шыктандыруучу мааниге ээ.

Сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик ар дайым жылмайып турушун каалайм!

Чоң спортто сен багынта турган мындан да чоң жетишкендиктерге кыргыз эли менен чогуу күбө бололу!», — делет куттуктоодо.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!