ИИМдин берген маалыматы боюнча 2025-жылдын үч айында эле өлкө ичинде 4597 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы үч айына салыштырганда 28 пайызга көп. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук биздин коомдо көбүнчө жашыруун жасалат. Анткени «эл эмне дейт» өңдүү стреотиптүү көз караштагы факторлор арбын. Кыз-келиндердин көп маселелерден маалыматы жок. Ошол себептен жарандарга укуктук-агартуу иштери да сөзсүз керек. Эмне себептен кыргыз айымдары зомбулукка көп кабылууда, мындай учурда кандай кадамдарга баруу зарыл, дегеле зордук-зомбулукту канткенде токтото алабыз деген суроолордун үстүндө биз ой калчап, психолог менен маек курдук. Биздин суроолорубузга психолог Жакыпбаева Наргүл Бердибековна жооп берди.
— Наргүл Бердибековна, кризистик борборлордун буга чейинки изилдөөсүнө караганда, Кыргызстанда аялдардын 70 пайызы зомбулуктун ар кандай түрлөрү менен бетме-бет келишет экен. Негизи зомбулуктун кандай түрлөрү бар?
— Чынында эле, зомбулук – татаал жана көп кырдуу көрүнүш. Зомбулук десе эле биз анын күч колдонгон физикалык түрүн гана түшүнөбүз. Бирок, андан башка да бир канча түрү бар. Алсак, физикалык зомбулук – бул сабоо, жаракат келтирүү, эрктен тышкары аракеттерге мажбурлоо болсо, психологиялык же эмоционалдык зомбулук катары кемсинтүү, кордоо, коркутуу, тынымсыз сындоо, инсандыкты басуу эсептелет. Ал эми экономикалык зомбулук – аялды каржылык көз карандысыздыктан ажыратуу, башкача айтканда иштөөгө тыюу салуу, анын ар бир чыгымын көзөмөлдөө. Сексуалдык зомбулук – эрктен тышкары интимдик мамилеге мажбурлоо. Социалдык зомбулук – жакындары, достору менен баарлашууга чектөө, сырттагы колдоодон ажыратуу. Мына ушунун бардыгы зомбулук болуп эсептелет. Кайсы түрү болбосун адамдын жан дүйнөсүнө, өзгөчө психикасына терең жараат калтырат. Психологиялык жарааттар физикалык жарааттардан кем эмес оор.
— Байкасаңыз соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат. Сиз адис катары коомдогу агрессиянын жана зомбулуктун күчөшүнүн себебин эмнеде деп ойлойсуз?
— Эми мунун себептерин талдай турган болсок, тамыры тереңде жатат. Буга социалдык, экономикалык, маданий жана психологиялык факторлор таасирин тийгизбей койбойт. Маселен, экономикалык туруксуздук үй-бүлөдөгү стрессти күчөтөт. Баарлашуу маданиятынын төмөндүгү да себеп болот, тактап айтканда, адамдар сүйлөшүүнүн ордуна агрессияны тандап, чыр-чатактарды конструктивдүү чечүүнү билишпейт. Психологиялык сабаттуулуктун жоктугу, көпчүлүк өз эмоцияларын башкара алышпайт. Маданий көз караштар — анда аял салттуу түрдө көз каранды ролду ойнойт, бул кыянаттыктар үчүн ыңгайлуу шарт түзөт. Үй-бүлөлөргө дени сак мамилелерди курууга жардам бере турган профилактикалык кызматтардын жана агартуу программаларынын жетишсиздиги да буга себеп болот. Зомбулуктун өсүшү бир үй-бүлөнүн көйгөйү эмес, бул коомдо системалуу иштөөнү талап кылган аймактар бар экендигинин көрсөткүчү. Биз ушул нерсени түшүнүшүбүз керек.
— Келечекте зомбулуктун курмандыгы болуп калбаш үчүн, кыздар биринчи кезекте өнөктөш тандоодо эмнеге көңүл бурушу керек? Кандай «биринчи коңгуроолор» эскертүү бериши керек?
— Кыздар мамиленин башында эле эркектин жүрүм-турумуна көңүл буруусу зарыл. Кызганычтын жана көзөмөлдүн күчөшүнө маани берүү керек. Дайыма кайда жана ким менен экениңизди суроо, телефонду, социалдык тармактарды текшерүү. Маанайдын кескин өзгөрүшү, ашыкча сүйүүдөн таарынычка жана кыжырданууга чейин. Достордон жана туугандардан обочолонтууга аракет кылуу. Сиздин пикириңизди сыйлабоо, сезимдериңизди баалабоо. Күнөөлүү сезим менен манипуляциялоо, башкача айтканда өнөктөш өзүнүн жаман жүрүм-туруму үчүн жоопкерчиликти аялга жүктөө. Бул белгилер башында майда-чүйдө нерселердей сезилиши мүмкүн, бирок убакыттын өтүшү менен олуттуу зомбулукка айланып кетери бышык. Андыктан, буларга көз жумуп коюуга болбойт.
— Абьюзерди, альфонсту, тиранды же аялдарга ашыкча кызыккан эркекти башынан эле таанууга болобу? Мындай адамдарды кайсы белгилерден же кандай мамиледен билсе болот?
— Кээде мындай адамдар башынан эле «кооптуу белгилерди» көрсөтүшү мүмкүн. Ошондуктан, айымдар мамиле курууда мырзанын жүрум-турум, сүйлөгөн сөзү, кыял-жорук, мунөзүнө кылдат көңүл буруусу шарт. Мисалы, андай адамдар көбүнчө иш жүзүндө далилдебей туруп, асмандагы айды убада кылууга маш келет. Жакындоого өтө тез каалоосу болот, башкача айтканда кыска мөөнөттө чогуу жашоого, никеге умтулуу байкалат. Ашыкча драмалаштырууга жакын келишет. Сени менен таанышкандан бир жума өтпөй эле сенсиз жашай албайм деген сыяктуу сөздөрдү айтат. Таанышуунун башында эле же сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мурунку өнөктөштөрүн күнөөлөп, өзүн актайт. Эгер бардык «мурункулар жаман» болсо, бул кооптуу белги. Мындай адамдар сенин чектериңди жана каалоолоруңду этибарга албайт. Бирок, тилекке каршы, мындай сапаттарды дароо эле байкоо оңойго турбайт, айрыкча аял киши сүйүп калса. Ошондуктан ички сабырдуулукту сактап, эркектин сөзүнө гана эмес, иш-аракетине да ишенүү маанилүү.
— Үй-бүлөдөгү зомбулук аялдарга эле эмес, балдарга да оор психологиялык сокку урат. Мындай кырдаалда жакындардын, ата-эне, тууган, жакын достордун мамилеси кандай болушу керек?
— Туура, мындай учурда жакын адамдардын ролу чоң. Алар ошол адамды айыптабай, тескерисинче колдоо көрсөтүшү керек. Мындай кырдаалда аялга көйгөйдү кабыл алуу көбүнчө уят же коркунучтуу сезилет. Ошондой учурда жакындары анын жалгыз эмес экенин, жанында колдоочусу бар экенин түшүндүрүү маанилүү. Аял кишинин мындай мамилеге чыдабаганы үчүн кысымга алуу, күнөөлөө же уят кылуу туура эмес. Тескерисинче, ишеним атмосферасын түзүп берүү керек. Эгер аял даяр болсо, ага кесипкөй психологиялык жана юридикалык жардам алууга жардамдашуу зарыл. Мындай кырдаалда балдарга да эмоционалдык колдоо, көңүл буруу, сезимталдык керек. Көбүнчө үй-бүлөнүн жылуу, баа бербеген колдоосу аялга уулу мамилелерден кутулуу үчүн биринчи кадамды жасоого жардам берет.
— Эгерде чыккынчылык, кол көтөрүү же башка олуттуу көйгөй болсо, аял кандай кадамдарды жасашы керек? «Маска кийип», кечирип, баары жакшыдай түр көрсөтүш керекпи, же дароо ажырашуу керекпи? Мындай учурда туура жол кайсы?
— Эми мындайда универсалдуу бир кеңеш жок, бирок багыттар бар. Эгерде физикалык зомбулук болсо, аялдын жана балдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек. Дароо өзүңдү коргоо, тиешелүү кызматтарга кайрылуу керек. Эгер чыккынчылык же моралдык басмырлоо болсо, анда ортодогу ишеним бузулат. Мында калп эле эл көзүнө “бактылуу үй-бүлөнүн” сүрөтүн берүүгө аракет кылуу туура эмес. Ал эми кечирүү же ажырашуу чечими — ар дайым жеке тандоо, бирок ал коркуудан эмес, кырдаалды жетилген баалоодон улам кабыл алынышы керек. Эгерде өнөктөш жоопкерчиликти алууга, өзүнүн үстүнөн иштөөгө даяр болсо, психологдордун колдоосу менен мамилени калыбына келтирүү боюнча иш алып барууга болот. Бирок, эгерде зомбулук кайталана берсе, чыдоого болбойт. Ар бир жаңы агрессия жараатты гана күчөтөт. Аялга мындай учурда адистен жардам алуу өтө маанилүү, көйгөй менен жалгыз калганга болбойт.
— Эмне үчүн көптөгөн аялдар зомбулук көрсөткөндөргө чыдап, алар менен жашоону улантышат?
— Мунун тамыры тереңде жатат. Айрымдары балдары менен жалгыз калуудан коркушат. Социалдык басым, коомдун айыптоосу да аялды чүнчүтөт. Көп аялдар акча-тыйын жактан жолдошторуна көз каранды. Кайын журту же жолдошу тарабынан болуп келген кемсинтүүлөрдөн улам аялдын өзүн-өзү баалоосу төмөндөп кеткен. Өзүнө баасы, сүйүүсү жок аял өзүнө ишенбейт, андан ары өз алдынча жашап кетээрине көзү жетпейт. Зомбулукка чыдап жашоонун дагы бир себеби, жолдошунун оңолуп, жакшы адамга айланаарынан үмүт кылуу. Андан сырткары, биздин менталитет кыздарды тыйып, үй-бүлөнү сактоо үчүн кандай кырдаал болбосун чыдоого үйрөткөн. Бирок, зомбулукка чыдоо үй-бүлөнү бекемдебейт, тескерисинче ал аны талкалайт. Заманбап психология аны ачык айтат.
— Психолог катары турмуштук оор кырдаалга туш болуп, балдарын жалгыз тарбиялоого аргасыз болгон аялдарга кандай кеңеш берет элеңиз?
— Эң биринчиден айтаарым, ушул кадамга баруунун өзү чоң күч, тобокелчилик жана чечкиндүүлүк. Демек, мындай адамдар күчтүү. Аялдын андан аркы кадамы өзүнүн психологиялык абалына кам көрүү болушу зарыл. Өз ишин мыкты билген тиешелүү адистерден жардам алуудан качпоо керек. Жашоо ошону менен токтоп калбайт. Демек, кайрадан бакыт үчүн күрөшүп, өзүн инсандык жактан өстүрүшү керек. Аны өстүргөн, колдогон чөйрө түзүшү зарыл. Курбулардын, туугандардын, эже-сиңдилердин тилектештиги чоң ресурс. Алар аялга ишеним берет. Жогоруда айткандай, мындай учурда ата-эненин колдоосу эң жакшы таяныч болот. Зордук-зомбулуктан кутулуу жолун тандаган аял — күч менен акылмандыктын үлгүсү. Андыктан, эң оор шартта да жаңы, гармониялуу жашоо курууга болот.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА