Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, аба-майдандын инфраструктурасы жакшыртылып, учуп-конуу тилкеси оңдолду. “Нарын” аэропортунун ишин жандантуу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Бул жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.