"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Нарын: Асфальт заводуна 200 миң сом айып салынды

Нарын облусундагы Жалгыз-Терек айылында мыйзамсыз курулуп жаткан асфальт заводуна 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, «Ченюань» ЖЧКсы курулушка тиешелүү документтерди албай жана мамлекеттик реестрде катталбастан завод менен таш майдалоочу ишкананы куруп жаткандыгы аныкталган.

Текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын аймактык башкармалыгы жүргүзгөн. Натыйжада компанияга мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүү берилип, акт түзүлдү.