"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Нарын: Кара-Үңкүргө биринчи жолу электр жарыгы берилди

Энергетика министрлиги тарабынан Нарын районунун Казан-Куйган айыл аймагындагы Кара-Үңкүр жол тейлөө пунктуна электр жарыгы тартылып, биринчи жолу туруктуу электр энергиясы берилди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев аталган аймакка барып, жарык берүү иш-чарасына катышты. Белгилүү болгондой, бул маселе Элдик курултайда көтөрүлүп, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык чечим кабыл алынган.

Жалпы алганда 10 миллион сомдук долбоордун алкагында 4,8 км аба чубалгысы тартылды. Натыйжада 16 түтүн туруктуу электр энергиясы менен камсыздалды.