Нарын облусундагы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Дарылоо иши» адистиги ачылды.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган адистик жаңы окуу жылына карата алгачкы абитуриенттерди кабыл алат.
Окутуу мөөнөтү 6 жыл. Окуу күндүзгү шартта, контракттык негизде жүргүзүлөт. Бюджеттик орундар дагы каралат. Абитуриенттерди кабыл алуу 2024-жылдын 20-июнунда башталат. Аталган адистикке чет өлкөлүк студенттерди да кабыл алуу пландалууда.