"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Нарын милициясы туристтердин 24 миң сомун кайтарып берди

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Нарын шаарында чет элдик туристтер катачылык менен бейтааныш айдоочуга берип жиберген 24 миң сом акча каражаты кайтарылып берилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 25-июлда катталган. Туристтер Ат-Башыдагы Таш-Рабат тарыхый жайына барып келгенден кийин, айдоочуга жаңылыштык менен ашыкча акча берип алышканын байкап, милицияга кайрылышкан. Кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери айдоочуну тез арада таап, 24 миң сомду кайра ээлерине кайтарып беришкен.