"Эркин-Тоо"

Нарын облусу 2 ГИС маалымат сервисине кошулду

1-сентябрдан баштап Нарын облусу 2 ГИС маалымат сервисине кошулду. Мындан ары уюлдук телефондон 2 ГИС мобилдик тиркемесин көчүрүп алуу менен облустун картасын ачып, издеген даректи навигатор менен табууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган багытта жумуштар 4 айда жасалып бүткөн.

Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын башчысы Шабдан Абдырайым уулу билдиргендей, Нарын облусунун маалымат сервиси 1-сентябрдан баштап толугу менен ишке кирди. Картада облустагы бардык даректер, обьектилер, туристтик жайлар, транспорт каттамдары, жол чийиндери, жол белгилери  камтылган.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!