"Эркин-Тоо"

Нарын облусунда 3445 темир-бетон тирөөчтөрү орнотулат

Энергетика министрлиги маалымдагандай, Нарын электр тармактар ишканасы аталган облуста 3445 даана жаңы мамыча орнотот. Мамычалардын 1982 даанасы сатылып алынса, 1463 даанасы Нарын электр тармактар ишканасынын темир-бетон өндүрүүчү цехинен чыккан.

«Бул долбоордун алкагында аймактагы электр энергиясын берүү тутуму кыйла жакшырат. Эскирген жана кооптуу абалдагы электр түйүндөрүн алмаштыруу калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт», — дейт министрлик.