"Эркин-Тоо"

Нарын облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 2-августта саат 12:01де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Ал эми Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!