Бүгүн, 5-июнда, саат 16:18де Кыргызстандын аймагында күчү 4,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун берген маалыматына таянып ӨКМ кабарлады.
Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылдарында 4 балл, Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 3,5 баллга (Кара-Булак айылынан 12 чакырым түштүк-чыгышка, Ак-Бейит айылынан 17 чакырым түндүк-чыгышта, Казыбек айылынан 28 чакырым түштүк-батышта, Кызыл-Туу айылынан 29 чакырым түштүк-батышта, Кара-Булуң айылынан 33 чакырым түштүк-батышта, Нарын шаарынан 79 чакырым түштүк-батышта) чейин сезилген.
Учурда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.