Нарын облусунун аймагындагы ашууларга кар жаады

22-сентябрь, 2023-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 11

Нарын облусунун аймагында аба ырайы бузулуп, ашууларга кар жаап жатат. Бул тууралуу Президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Долон ашуусунда кум-шагыл себүү жумуштары жана кар тазалоо иштери жүрүүдө.

«Ошондой эле башка ашуулардагы абал жана Соң-Көл, Ак-Сай, Арпа сыяктуу алыскы жайлоолордогу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жиберилип, малчылардын абалын тактоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

22-сентябрь, 2023-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X