"Эркин-Тоо"
Аймак

Нарын облусунун Туз айылындагы мектептин курулушу 1-сентябрга карата бүткөрүлөт

Нарын облусунун Кочкор районунун Туз айылындагы Жунушаалы кызы Сайнап атындагы мектептин курулушу 2019-жылы башталган.

Салынып жаткан мектеп, 2- кабаттуу окуу корпусунан, спортзалдан жана өткөөл галереядан турат. Жалпы аянты 1786,5 м2 түзүп, билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген.

Бүгүнкү күндө имараттын курулушу 70%га аяктады. Подряддык уюм тарабынан окуу корпустун чатырын жабуу боюнча иштер, терезе жана эшик блокторун орнотуу иштери аткарылып, сырткы жана ички коммуникациялардын түзүлүштөрү бүткөрүлдү.

Учурда, ички жасалгоо жумуштары жана спорттук залдын дубалын кирпич менен коюу иштери жүрүүдѳ, деп билдирет Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.

Белгилей кетсек, аталган объекттин сметалык наркы 58 млн 300 миң сомду түзөт. Имаратты 2021-жылдын 1-сентябрына чейин пайдаланууга берилет.