"Эркин-Тоо"

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким Нуридин МАДИМАРОВ: “Нарында алтын өндүрүлүп, бышкан кирпич чыгарылганы турат”

Өлкөдөгү ротация саясатынын эпкини менен Теңир-Тоого которулуп келип, Нарын районунун “эки тизгин, бир чылбырын” колго алган Нуридин Мадимаров учурда баш көтөрбөй маңдай терин төгүп иштөөдө. Ноокаттан келген жетекчи тоолуктардын шартын тез эле өздөштүрүп, тартип менен тазалыкты алдыңкы орунга койгону өзгөчө мактоого арзууда. Биз акимге аймактагы маселелер боюнча собол узаттык.

— Нуридин мырза, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жаңырган 2024-жылды инвестиция тартуу иши менен башташаарын жарыя кылды. Бул жаатта жетекчи катары Нарын аймагы үчүн алдыда эмне пландарыңыз бар?

— Алдыдагы жылга карай жакшы пландарыбыз бар. Эң оболу, мамлекет жетекчилиги тарабынан берилген тапшырмаларды толугу менен аткарууга аракет кылабыз. Жаңырган жылда инвестиция тартууга көңүл буруп, ишибиздин басымдуу бөлүгүн ушул жаатка арнасак деп турабыз. 2024-жылы районубуздун аймагында кирпич заводу ишке кирип, бышкан кыш чыгарылганы турат. Ошондой эле биздин райондо кичи ГЭСтин курулушу да жаңырган жыл менен башталмакчы. “Хадича” фондусу менен 17 гектар аянтка социалдык имараттарды куруу, “Солтон-Сары” кенинде “Жойжу-Майнинг” ишканасы менен алтын чыгаруу боюнча иштер башталмакчы. Райондогу Миң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында күн энергиясынан 100 Мегаваттык электр энергиясын өндүрүү боюнча инвестор келип кетти. Жаңырган жылы ушул багытта да изги иштерибиз уланмакчы. Айыл чарба багытында чыктуу тоюттарды уюштуруу боюнча жүгөрүнү эгип, сүт багытындагы уйларды көбөйтүп, “Бир айылдан бир продукт” деген программанын негизинде иштерди күчөтүп, жайылтуунун алдында турабыз. Жалпы Теңир-Тоо өрөөнү, анын ичинен биздин Нарын району төрт түлүк мал бакканга ыңгайлуу эмеспи. Жалпы элдин тиричилиги малга байланыштуу болгондуктан, алдыда жергиликтүү тургундар менен малдын кайсы түрү болбосун сүт жана эт багытындагы асыл тукумдарына басым жасоо пландарыбыз бар. Ирригация, кошумча сугат каналдарын тазалоо, суу топтоочу жайларды куруу боюнча көп максаттарыбыз кирип келген жылы ишке ашат.

— Өлкөдө айлык акынын көбөйүшү менен Теңир-Тоо өрөөнүндөгү мамлекеттик кызматкерлерге бийик тоолуу аймак үчүн маянага кошумча каражат төлөнүп, айлык акылар салыштырмалуу жакшы деңгээлде экени, муну менен борбордон Нарын өрөөнүнө барып иштөөгө кызыкдар кызматкерлердин саны өстү. Райондо бүгүн кадрдык таңкыстык жокпу?

— Ооба, биздин район бийик тоолуу аймак болгондугуна байланыштуу айлыкмаяналарыбызга 50%га чейин кошумча төлөм төлөнөт. Ошондой төлөмдөрдү эске алганда албетте, башкаларга салыштырмалуу маяналарыбыз жаман эмес. Бул жагына да шүгүрчүлүк келтирели. Ал эми кадрдык таңкыстык жок эмес, бар. Өзгөчө бул көрүнүш айыл өкмөттөрдүн аппаратында көбүрөөк кездешүүдө. Кадрларды тандоодо колдон келген иштерди алып барып жатабыз. Учурда катарыбызда иштөөнү каалагандар атайын резервде турушат.

— Баса, кышы катаал, суук 6 айга созулган аймакты отун-суу менен камсыз кылуу толук чечилдиби?

— Кышка даярдыкты колубуздан келишинче аткардык. Район тургундарына жалпы 17 миң тонна көмүр керектеле турган болсо, анын 90%ы камсыз болду. Социалдык имараттарыбызга көмүрдүн керектелүүчү бөлүгү 3400 тонна толугу менен келип түштү. “Кара алтын” боюнча быйылкы жылы эч кандай маселе болбойт.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№102 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 26-декабры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!