Нарын регионалдык архитектура башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 81

Нурсултан Урайымжанович Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и костюм

Тиешелүү буйрукка министрдин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев кол койду.

Жаңы жетекчини башкармалыктын эмгек жамаатына Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары Аман Тургуналиев тааныштырып, кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Нурсултан Сатыбалдиев бул кызматка ротация тартибинде дайындалды. Ал буга чейин аталган департаменттин Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги кызматын аркалап келген.

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 81
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X