Нарын шаарын кеңейтилет. Башкача айтканда шаардын Кара-Бүк участкасындагы 300 гектар жерге заманбап «Нарын-Ордо» аталышындагы экошаарча курулат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.
Мындан тышкары, «Нарын-Реновация» долбоору ишке ашырыла баштаган. Анын алкагында шаарга 9 кабаттуу ипотекалык турак жай курулуп, Ленин көчөсү оңдолуп, кеңейтиле баштады. Буга кошумча, бир айдын ичинде «Теңир-Тоо сити» бизнес-комплекси салына баштайт.