Өлкө аймагында мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” кароо-сынагы өтүп жатат.
Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган сынактын алкагында Нарын шаарында 300 окуучу Манас айтты.
«Урааным Манас» аталышындагы хор манас айтуу кароо-сынагынын максаты — улуттун улуу мурасы болгон «Манас» эпосун, анын улуттук идеологиясын, баалуулугун, философиясын жайылтуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, иш-чарага Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Апсалиева, мектеп директорлору жана окуучулар катышты.