Нарын шаарында «Теңир Тоо сити» турак жай комплекси курулат. Анын 1-2-кабатына административдик жана коммерциялык имараттар жайгашат.
Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Нарын шаарында жер аянты тар болгондуктан шаарды бийигинен өстүрүү учур талабы.
«»Нарын — реновация» долбоорунун дагы бир компоненти — шаардын Городок аймагына 9 кабаттуу, 6 блок “Теңир Тоо сити” турак жай комплексин куруу.
Бул үчүн облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын шаарынын Городок аймагындагы Гидро-метео борбордун 1,6 гектар жери чечилген», — деп айтылат маалыматта.
Учурда каражат булактары каралууда.