"Эркин-Тоо"

Нарын шаарында туурасы 16 метрге жеткен жол түшүүдө

Буга чейин Нарын шаарынын жашоочулары социалдык тармактар аркылуу шаардагы Шералиев көчөсү кууш жасалып жаткандыгын кабарлашкан. Мындан улам Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев долбоордун аткарылышынан кабар алды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Учурда унаа жолу 8 метр; 1,75 метрден 2 тараптуу тротуары жана арыгы менен жалпы туурасы 16 метр жерге жол түшүүдө.