Теңир-Тоонун борбору Нарын шаарында соңку убакта троллейбустук линиянын каттамдан алынышы нааразычылыктарды жаратып жатканынан улам калаа жетекчиси Канболот Тутуевди азыноолак кепке тарттык.
— Канболот мырза, кезегинде Нарын шаарына айтылуу губернатор Бейшен Болотбековдун жеке демилгеси менен курулган троллейбустук линияны учурда алып салуу аракети болуп жатканынан кабардар болдук. Калаадагы даяр нерсени өнүктүрбөй, тескерисинче бүлүндүргөнгө эмне түрткү болууда?..
— Бизде троллейбустар Нарын шаарынын борбордук Ленин көчөсүндө жүрөт. Учурда борбордук бул көчөбүз 24 метрге кеңейтилип жатат. Кеңейтүү иштеринин натыйжасында троллейбустун столбалары көчөнүн ортосунда калып калууда. Азыр троллейбустун линияларынын бардыгынын эскилиги жетип, болбой калгандыгын чубалгыларды алганда көрүп жатабыз. Анан калса троллейбустун столбалары бири чоң, бири кичинекей узун-кыска, ар кандай кошулмадагы формада болуп, жөргөмүштүн желесиндей шаарыбыздын көркүн кыйла эле бузуп жаткан. Анан калса троллейбустарыбыздын да азыр эскилиги жеткен, линиялар 3 троллейбустан ашыкты көтөрө албайт. Бул албетте, биздин шаарга пайдасыз болуп калган. Барган сайын шаар чоңоюп, ал эми троллейбустар калаабыздын чок ортосунда гана калып кеткен. Шаардын эки жак башына чыга албайт.
— Линияны улап же башка бир жолдорун караса болот беле? Же сөзсүз кесип, кыркканды талап кылып калдыбы?
— Линияны улаш өтө чоң каражатты талап кылат. Биз эмес, азыр өлкөбүздүн борбору Бишкек шаарынан бул транспорттун түрүн алып салышууда. Бузулган троллейбустун тетиктерин табыш да барган сайын оорчулукту жаратууда. Бузулган тетиктерди алыш үчүн коңшу Казакстан менен Орусияга буюртма бересиң, ага кеткен каражатты биз көтөрө албай жатабыз. Буга чейин троллейбустардын 9 ай жүргөнү үчүн (жайкы 3 ай окуучулардын каникулунда каттам убактылуу токтотулат) жергиликтүү бюджеттен 3 жарым миллион сом субсидия кылып, карызды төлөп келгенбиз. Ушундай көрүнүштөрдөн соң транспорттун бул түрүн токтотуу боюнча Нарын шаардык кеңешинин чечими чыкты. Линиядан алынган коомдук транспорттун бул түрүнүн ордуна 10 автобусту эл кызматына коё бергени жатабыз. Буга чейин 5 электроавтобусту шаарыбызга алып келип, ишке салганбыз. Дал ошол 5 электроавтобус бизге 8 айдын ичинде 1 жарым миллион сомдун тегерегинде таза киреше алып келди. Мындай шартта биз калаабыздын башынан аяк, өйдө-ылдый каттаган, элди толук тейлей алган бир өңчөй автобустарды алып келүүгө кириштик. Ал эми троллейбуска буга чейин жергиликтүү эл деле толук түшпөй калган, окуучулар гана каттап жүрүшкөн.
— Облустук маанидеги шаардын ар тараптан өнүгүүгө бет алганы байкалууда. Бүгүн Теңир-Тоонун борборун өнүккөн кайсы шаардын мисалында жаңылантып жатасыздар?
— Бүгүн Теңир-Тоонун борбору жакшы жагына өзгөрүп жатканын жергиликтүү жашоочулар гана эмес, алыс-жакындан келишкен эс алуучулар да тана алышпаса керек. Нарын шаары бүгүн эч бир калаанын мисалында эмес, өзүнүн тарыхый аталышында, эч бир жерге окшобогон өзгөчөлүгү менен гана өнүгөт! Башта айттым го, борбордук Ленин көчөбүз 9 жарым чакырымга узартылып, 24 метр кеңейтилгени турат. Калаабыздагы экинчи маанилүү Шералиев көчөсү буга чейин чаң басып жаткан болсо, 2 чакырым 300 метрге узартылып, толугу менен асфальт басылып, кеңейтилмей болууда. Соңку жылдары барган сайын калаабыздын бир катар ички көчөлөрүнө тегиз асфальт басылууда. Алдыда Нарын шаары үчүн бир катар чоң долбоорлорду ишке ашырганы жатабыз. Анын баарына жакын арада четинен күбө боло аласыздар. Күтө тургула. Кудай буюрса, Нарын калаабыз көз жоосун алган, эч бир шаарга окшобогон, өзүнүн жаңы сапаттагы архитектуралык стилдеги ийгиликтери менен суктанткан, кулпурган куттуу шаарга айланат.
Калыгул Бейшекеев