Бүгүн, 28-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына дайындалган жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды. Ички иштер министринин буйругуна ылайык
• Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;
• Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Абитов дайындалды. Мурда ал Ош ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген.
• Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков дайындалды. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги кызматын ээлеп келген.
• Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Орунбай Кочкоров дайындалды. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын ээлеген.
“Бүгүнтөн баштап өз ишиңиздерди күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп баштаңыздар. Анткени, жаңы жылдык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде сактап, элге сервистик тейлөө көрсөтүп, кылмыштуулукка, ошондой эле ар түрдүү укук бузууларга жол берилбеши керек. Ар бириңиздерди тажрыйбалуу кызматкер жана жооптуу жетекчи катары билем,-деп Улан Ниязбеков жаңы дыйындалган жетекчилердин мындан аркы иштерине ийгилик каалады.