Нарын РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Тагыраагы, 9-октябрда КР УКМК тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте кызматтык абалынан пайдаланып алдамчылыкка шектелген Нарын РИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору К.Н.Т. кармалды.
УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду. К.Н.Т. кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын шаарынын тургуну А.Б.Н.нын акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алууга шектелүүдө. Сот органдарынын чечими менен ага карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.