"Эркин-Тоо"

Нарында үйдүн чатырына терек кулап түштү

Нарында үйдүн чатырына терек кулады. Бул тууралуу ӨКМдин ббасма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июнда саат 15:55 чамасында болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды-Булак айылынын А.Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырына терек кулаган.

Табигый кырсыктын кесепетинен чатырдын бир тарабынын шиферлери талкаланган.

Жерине Ак-Талаа районундук №47 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Эске салсак, Баетов айылында жайгашкан гидропосттун кызматкерлеринин маалыматы боюнча шамалдын ылдамдыгы 16 м.с. чейин жеткен.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!