"Эркин-Тоо"

 Нарында 10 бөлүктөн турган реновация долбоору ишке ашат

Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалын, инфратүзүмүн жакшыртуу максатында “Нарын — реновация” аталышындагы креативдүү долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүүнөн билдиришти.

Учурда каражат булактарын табуу аракети жүрүп жатат.

Долбоор 10 бөлүктөн турат:

  • Нарын шаарынын Сейил-Булак аймагына авто көпүрө куруу долбоору. (Көпүрө курулса Нарын шаарынын, Нарын районунун калктуу конуштарынын аянты 311 гектарга кеңейет)
  • Нарын шаарынын Москва чөлкөмүнөн кире беришине жаңы автобекет куруу;
  • Эски автобекеттин имаратына балдардын заманбап эс алуу борборун уюштуруу;
  • Нарын шаарынын Городок аймагына 9 кабаттуу, 6 блок “Теңир Тоо сити” турак жай комплексин куруу (1-2-кабатына административдик жана коммерциялык имараттар жайгашат. 20 калкты тейлөө мекемесин ушул имаратка жайгаштыруу менен элге ыңгайлуу маүмкүнчүлүк түзүлөт).
  • Нарын шаарынын РТС аймагына ипотекалык турак-жай куруу;
  • Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү сейил бак реконструкцияланып, Панорамалык аттракцион (колесо обозрения) коюлат;
  • Нарын дарыясына “Айнек асма көпүрө” салуу; (Бул туристтер үчүн ыңгайлуу жер болуу менен бирге жана шаардын бюджетин толтурууга мүмкүнчүлүк түзөт)
  • Нарын шаарына Инновациялык креативдүү демилгелер борборун (ЦИКИ) куруу; (Муну менен китепкана, музей, кинодирекция, телеберүү ж.б маданият мекемелерин заманбап курулган имаратка жайгаштырылып, ыңгайлуу шарт түзүп берилет жана Тянь-Шань, Р.Өмүрзакова парктары реконструкцияланат)
  • Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү турак жайлардын фасаддарын бирдей типке келтирүү;
  • Жарандык коргоонун облустук штабын уюштуруу.

Өкүлчүлүктөн долбоор Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен иштеп чыккандыгын жана бул иштер быйылкы жылы башталары кошумчалашты.

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!