Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында жаңы бала бакча курулууда.
Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Анын тендердик баасы 79 миллион сомду түзөт.
Жалпы аянты 1256 чарчы метрди түзгөн имарат 120 орунга ылайыкталган.
Курулуш иштери 2024-жылы башталган.Учурда имараттын экинчи кабаты тургузулууда.