Быйыл, 2026-жылы, Нарын облусунда 21 трансформатор алмаштырылып, кошумча 6 даана орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган облуста төмөнкү аймактардагы 21 трансформаторду алмаштыруу пландалууда:
- Ак-Талаа району — 1;
- Ат-Башы району — 3;
- Кочкор району — 7;
- Нарын району — 7;
- Тогуз-Торо районунда — 3.
Ал эми кошумча 6 даана трансформатор орнотуу иштери:
- Ат-Башы районуна — 1;
- Жумгал районуна — 2;
- Нарын районуна — 3.
Мындан тышкары, 2105 трансформатор капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүлөт.

