"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Нарында 27 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарын облусунда быйыл 236 чакырым жолго асфальт төшөө, 11 чакырымга тротуар салуу, 18 чакырымга шагыл төгүү жана 0,62 миң чарчы метр аң-чөнөктү жамоо пландалган. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата 27 чакырым жолго асфальт төшөлүп бүттү. Жол оңдоо иштери бардык район-шаарларда жүрүп жатат:

Нарын району боюнча

  • Нарын–Үч-Нура жолунун 1,6 чакырымы

  • Миң-Булак жолунун 1,5 чакырымы

  • Нарын–Орук-Там жолунун 1,6 чакырымы

  • “Нарын” аэропортуна баруучу жолдун 3,1 чакырымы

Ак-Талаа району боюнча

  • Нарын–Баетов жолунун 115–120-чакырым аралыгынын 2 чакырымы

  • Баетов–Макмал жолунун 5 чакырымы

  • Жаңы-Талап айылына кирүүчү жолдун 2 чакырымы

Ат-Башы району боюнча

  • Ача-Кайыңды–Май-Босого жолунун 2,1 чакырымы

  • Калинин–Пограничник–Кызыл-Туу жолунун 3 чакырымы

Жумгал району боюнча

  • Байзак айылынын М.Рыскулов көчөсүнүн 1,6 чакырымы

Кочкор району боюнча

  • Сары-Булак–Соң-Көл жолунун 3 чакырымы

Нарын шаары боюнча

  • Жалпысынан 33 көчөнү камтыган 13 чакырым жолдун ичинен 1,4 чакырымына асфальт төшөлдү