Нарын облусунда быйыл 236 чакырым жолго асфальт төшөө, 11 чакырымга тротуар салуу, 18 чакырымга шагыл төгүү жана 0,62 миң чарчы метр аң-чөнөктү жамоо пландалган. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата 27 чакырым жолго асфальт төшөлүп бүттү. Жол оңдоо иштери бардык район-шаарларда жүрүп жатат:
Нарын району боюнча
-
Нарын–Үч-Нура жолунун 1,6 чакырымы
-
Миң-Булак жолунун 1,5 чакырымы
-
Нарын–Орук-Там жолунун 1,6 чакырымы
-
“Нарын” аэропортуна баруучу жолдун 3,1 чакырымы
Ак-Талаа району боюнча
-
Нарын–Баетов жолунун 115–120-чакырым аралыгынын 2 чакырымы
-
Баетов–Макмал жолунун 5 чакырымы
-
Жаңы-Талап айылына кирүүчү жолдун 2 чакырымы
Ат-Башы району боюнча
-
Ача-Кайыңды–Май-Босого жолунун 2,1 чакырымы
-
Калинин–Пограничник–Кызыл-Туу жолунун 3 чакырымы
Жумгал району боюнча
-
Байзак айылынын М.Рыскулов көчөсүнүн 1,6 чакырымы
Кочкор району боюнча
-
Сары-Булак–Соң-Көл жолунун 3 чакырымы
Нарын шаары боюнча
-
Жалпысынан 33 көчөнү камтыган 13 чакырым жолдун ичинен 1,4 чакырымына асфальт төшөлдү

