"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Нарында 600 орундуу мечит ачылды

Нарын шаарында 600 адамга ылайыкталган жаңы «Жакыпбек ата» атындагы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мечиттин курулушу 2024-жылы башталып, бардык заманбап шарттары менен бүткөрүлгөн. Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында катышты.

Ташиев мечиттин ачылышы менен жергиликтүү тургундарды куттуктап, алар менен бирге жаңы мечитте бешим намазын окуду.