"Эркин-Тоо"

Нарында эки жаран экстремисттик уюмдан баш тартты

Нарында эки жаран террористтик жана диний-экстремисттик уюмдан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн Нарын облусунун Нарын шаарынын 1985-жылы туулган Б.Б. аттуу тургуну жана 1988-жылы туулган Нарын облусунун Он-Арча айылынын Ж.А. аттуу тургуну радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышкан.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, кыргыз жарандары эл аралык террористтик уюмдун/диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.

Учурда УКМК экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!