12-май күнү саат 12:38де Кыргызстандын аймагында күчү 5,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн күчү жергиликтүү аймактарда ар түрдүү деңгээлде сезилген. Алсак, Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя жана Көк-Жар айылдарында жер титирөө 5 баллга чейин жетсе, Байгөнчөк, Үгүт, Ак-Талаа, Кара-Ой, Кадыралы жана Нарын районунун Жылан-Арык, Ак-Кудук айылдарында 4 баллдык күч менен сезилген.
Ал эми Учкун, Шоро, Баетов, 8-Март, Куланак жана Миң-Куш айылдарында 3,5 балл; Эмгек-Талаа, Достук, Жан-Булак, Жергетал жана Казарман айылдарында 3 баллдык жер термелүүсү байкалган. Нарын шаарынын өзүндө 2,5 баллдык жер титирөө болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда тиешелүү кызматтар тарабынан жеринде жабыр тарткандар жана имараттардын абалы боюнча маалыматтар такталууда.